Поиск

Молочные коктейли

Неоценимая роскошь

Неоценимая роскошь

Приготовьте напиток, который станет лучшим коктейлем по любому поводу.

Вы первый кто прокоментирует!

Американцы поставили запрет на молочный коктейль

Американцы поставили запрет на молочный коктейль

Американскими исследователями было выяснено, что молочный коктейль, который в состав включает арахис, мороженое, шоколад и молоко является вредным. Такой вердикт был поставлен из-за того, что количество жиров, содержащихся в напитке,...

Вы первый кто прокоментирует!

Лечебный коктейль

Лечебный коктейль

Молочный коктейль имеет сразу несколько достоинств, это насыщенный вкус и питание организма полезными веществами. Так приготовив коктейль с черникой и медом, Вы наполните организм витаминами и предотвратите появление простуды.

Вы первый кто прокоментирует!

Марат жанбараков коктейль


КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Арсен карап турган жок. Дароо чалды.
– Алло, кандайсың?
– Жакшымын.
– Эмне кылып жатасың?
– Эртең сабактан кийин бошмун.
– Ыя?
"Кандайсың? Эмне кылып жатасың? Эртең бошсуңбу?" деген жатасың да туурабы?
– Ооба.
– Жообун алдың да.

– Сөз бүттү деген турасыңбы?
– Жо-ок. Жолугушчу жердин дарегин айтпайсыңбы?
– Хе-хе, сен тентек окшойсуң. Түштүк дарбазасынан жолугалы ээ?
– Мейли. Саат 2лерде?
– Келиштик...
– Анан?
– Анан ошо эртең саат экиде жолугабыз.
– Болдубу?
– Болду окшойт.
– Мейли жакшы кал анда.
– Токтой тур,- Арсен Бегимай телефонду коюп салабы деп чочуп кетти. Эмнеге экенин өзү билбейт, бирок сөздү улап сүйлөшкүсү келип жатты.
– Угуп жатам анда.
– Сенин жигитиң чын эле жокпу?
– Бар. Мен чо-оң балмуздак жегим келип сага жок деп жатпаймынбы.
– Демек, жок экен да.
– А сага бул принципиалдуу нерсеби?
– Албетте. Жигитиң болсо, мен балмуздак менен экөөңөрдүн мамилеңерди муздаткым келбейт.
– Хе-хе. Жок жигитим.
– Ии,- жигит эс ала түштү.
– А сен, эмне мага жигит болоюн деп жатасыңбы?
– Эмне сенин талаптарыңа туура келбеймби?
– Менин талаптарым өтө жөнөкөй. Унааң болушу керек, акчаң болушу керек, Бишкектин борбордук бөлүгүндө менчик батириң болушу керек... Азырынча ушулар...
– Жок-жок, тактай кетиңиз сулуу. Эмне унаа? Канча акча? Батир канча бөлмөлүү болушу зарыл?
– Та-ак, адегенде 2000-жылдан өйдөңкү орто класстагы седан болсо болот. Кийин Гелендваген, Крузак кылып алабыз. Акча тынбай түшүп туруучу бизнес болгону жакшы. Батир 2 бөлмөлүү болсо жетет.
– Менде мунун бирөө да жок.
– Анда эмнеге сен менен сүйлөшүп жатам?- кыз таң калгандай сүйлөдү.
– Эми биротоло күйөөгө тийип жаткан жоксуң го.
– Балким, сени менин сүйлөшүп жаткан тапта, менин талаптарыма туура келген жигит мага чала албай жаткандыр?
– Мейли анда, жакшы кал.
– Бүттүбү?
– Эмне бүттүбү?
– Талаптарымды угуп алып эле жеңилип калдыңбы?
– Ал эмне дегениң?
– Жигит деген – айтканынан кайтпаган, жетем дегенине жеткен өжөр болуш керек да. А сен болсо?
– Мен болсо сенин тагдырыңа балта чаппай, сага бай жигиттин телефон чалышына шарт түзмөкчү болуп жатам.
– Аа, мага кам көрүп жатам дечи?
– Ооба, жакшы кал,- Арсен телефонду коюп салды. Кыздын тамашалап сүйлөгөнүн түшүнүп турат, бирок баары бир ачуусу келип чыкты. "Кыздардын баары бирдей" деди ал ичинен. Бул учурда кайра кыздан чалуу келди.
– Бул эмне?
– Эмне?
– Мен сурап жатам? Бул эмне?
– Эч нерсе.
– Эмнеге телефонду коюп салдың?
– Айттым го. Тагдырыңа балта чаппайын дедим. Баса, телефонуңду эртерээк коё сал. Антпесе, сага бай жигит чала албай, тагдырыңар кайчылаш болуп калышы мүмкүн.
– Сен ошондо таарындыңбы?
– Жок.
– Демек, сенин сунушуң күчүндө эле?
– Эмне сунуш?
– Жолугушуу боюнча.
– Аа, жо-ок. Жолугушпай эле коёлу. Сен мени менен жолугушууга кетип, бай жигит сени издеп таппай калбасын?.. Жашооңду талкалап албайын.
– Менин сөзүм тамаша экенин түшүнүп жаттың беле?
"Тамаша болчу. Кечирип койчу" деген жатасыңбы?
– Эмне? Барчы ары!- кыз телефонун коюп салды. Ошону менен жолугушуу болбой калды. Жолугушууга чейин эле бул экөө бири-бирин таарынтып алышты. Чынында бул түшүнүксүз сезим болчу. Арсен кыз ага жакканын мойнуна алгысы келбей жатты. "Койчу, өзүнчө эле бир нерсе боло берет экен" деди өзүнө-өзү. Бул тапта кыз да ушундай эле сезимдер менен алпурушуп жаткан. "Тамашаны да түшүнө албайт. Кыздай болуп таарынганын" деп Арсенге ачууланып жатты.

ххх

Өз ойлору менен алпурушуп жатып Бегимай уктап калыптыр. Саатынын чырылдагынан ойгонду. Сабагына жөнөшү керек. Тура калып эле телефонун карады. Чалуу да, кат да жок. Маанайы чөгө түштү. Ал минтип бирөөдөн чалуу күткөн эмес. Болгондо да жаңы таанышкан адамдан. Жасанып алып окуу жайды көздөй жөнөдү. Анын актриса болуу кыялы бар. Ата-энесинин да, чоң атасынын да айтканына көнбөй мындан эки жыл мурун искусство университетине тапшырып алган. Ал өзүнүн жакшынакай экенин абдан жакшы билет. Өң-келбети менен Голливудду багындырарына да ишенип жүрөт. Кечээ Арсен балмуздак алып берген дүкөндүн жанынан өтүп баратып, кыз өзүнчө жылмайып алды. "Эмнеге чалбайт?" кармап бараткан телефонун дагы бир карады. А бирок саат болгону 8 болуптур. Балким ал ойгоно элек? Ойгонгондо чалаттыр? Кыз өзүн сооротуп койду.

ххх

"Эмне деп чалышым керек? Тамаша болчу дейминби?"
аудиториянын ичинде ары бери басып сүйлөп жүргөн агайдын сөзүнө кулак төшөбөй эле, Арсен өзүнчө ойго батып отурду. Кечирим сурап, билмексен болуп коюшу керек го? Жок, эмнеге кечирим сурайт? Дегеле, эмнеге чалат? Чалбай эле коюш керек?.. СМС жөнөтсө болот. Ооба СМС!
"Мен саат 2де сейил бакта болом..."- деп жазып жөнөтүп жиберди.

ххх

– 11ге чейин уктайбы эмне?- кыз үнсүз жаткан телефонун карап жинденди. "Жадагалса кечирим сурап койбойт". Ушул учурда "дың" этип, кат келип түштү. Кат жигиттен болчу. Кыз катты окуп кубанып кетти. Бирок ачууланымыш болуп жатты. Бул башкача, ар кандай эмоциялар аралашкан түшүнүксүз сезим эле.

ххх

Жигит кызды айткандай эле сейил бакта күтүп туруптур. Арсенди алыстан көрүп, аны көздөй басып бара жатып Бегимайдын күлкүсү келип жатты. Жакындай бергенде Арсен да каткырып жибербейин деп өзүн араң кармап турганын көрдү.
– Кандай?- кыз күлүп жиберди.
– Жакшы. Келдиңби?- жигит да күлдү.
– Эмне күлөсүң?
– А сен, неге күлөсүң?
– Жинди.
– Тентек!
– Кана балмуздак?
– Жүр. Тигил жактан алып берем.
– Сен эле алып келчи, мен отура турайын,- отургучка жакындады.
– Кандайынан?
– Чоңунан да. Анан шоколады менен!
– Болуптур,- жигит жылмайганынан жазбай ары жактагы балмуздак сатчу жайды көздөй жөнөдү. Өзүнчө күлүп баратты. Кубанып алган. Аны артынан карап турган Бегимай "сымбаттуу экен" деп койду ичинен.

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№757 5-11-май, 2017-ж.

Бишкектин борбордук көчөсүндө капкара түстөгү Гелендваген күнгө чагылыша зуулдап баратты. Мотордун күрүлдөгөн үнү ачуулуу чыгат. Дегеле бул унаа өзү ачуулуу көрүнөт. Күр-р... Газды баскан сайын рулда отурган Арсен маашырланып баратты. Унааларды кыйгап өткөн жол тандабастын жүрүшү ишенимдүү. Күркүрөп чыккан үнүнө тышкы көрүнүшү да дал келген, жүрүшү бир учурда орой да, назик да көрүнгөн бул жол тандабас рулда бараткан адамдын да өпкөсүн көптүрүп, текеберлентип жибермей касиети бар. Ананчы, бул унааны суктана карагандар четтен чыгат. Анын ичинде ким отурганына маани бербей эле, жөн гана классы бийик Гелендвагенди эле сыйлап жол бошото калгандар канча дейсиң?!
Алдыда жол чыракта кызыл жарык күйдү. Тормозду тээп жатып, Арсен аны менен катарлаш дал өзүнүкүндөй болгон ак түстөгү унаа токтогонун байкады. Ал бир кезде ушундай ак түстөгүсүн да айдап көргөн. Бирок ал өзүнүкү эмес болчу...
Ак Гелендвагенди кыз айдап бара жаткан экен. Терезесин түшүрүп, кара көз айнегин мурдуна кондурган селки унаанын салонунан чыккан музыканын ыргагына билинер-билинбес кыймылдап, рулду кармап алып бийлеп келе жатыптыр. "Ошолбу?" Арсен өзүнө-өзү суроо берди.
Балким, мындан үч же төрт жыл мурун болсо, Арсен өзү биринчи даап "сен Бегимайсыңбы?" деп сурай алмак эместир, бирок ал азыр башка Арсен, өзүнө ишенген, көздөгөнүнөн кайра тартпаган, тартынбаган, өз чөйрөсүндө кадыры бар Арсен. Караңгылатылган айнекти түшүргөн жигит кыз тарапка карады да "Ау, чоң кыз?" деп үн салды. Кыз аны карай берди да, көз айнегин шашып ала калып, таң калганын жашырбай "Арсен?.." деп суроолуу карады. Жигит аны бой көтөргөн, кытмыр жылмаюу менен карап туруптур.
– Тигиндей токтосоң...- жигит көчөнүн аркы бетин карай жол жаңсап, унаасы менен зуулдап барып токтоду. Ошол экен, Бегимай тура. Жигит кымыңдап алган.
Жигиттин унаасы күрүлдөгөн бойдон алга жылып, жол четине токтогонун карап тура берди Бегимай. Кыз Арсен аны эзели кечирбейт деп ойлочу. Дегеле Арсенди көргөнүнө апкаарып кетти. Ал аны түрмөдө деп ойлогон. Тагдыры талкаланды деп жүрчү. А бул болсо кымбат унаанын рулунда, жигиттик баралына келип булчуңдары чыңалып, мурдагыдан да келбеттүү болуп алыптыр. Бирок токтобой кетип кала албады. Эмнегедир кызды жигитти көздөй белгисиз бир сезим жетелеп жөнөдү. Качан гана Бегимайдын унаасы Арсендин унаасына катар токтогондо Арсен жайбаракат кара Гелендвагенден түштү.
– Кандайсың, сулуу?- унаасынан Бегимайды Арсен колун сунуп түшүрүп алды.
– Жакшы...- кыз көздөрүн уяла ала качты. Жигиттин алдында күнөөлүүдөй. Арсен болсо дал ушундай жолугушууну күтүп келген. Анын көз карашынан эле "Карачы! Мына, баягы сен келечеги жок деп чанган жигит! Көрүп ал, анын ким болгонун!" дегендей кыйынсынуу дапдаана байкалып турду.
– Көргөнүмө кубанычтамын. Кандай жүрөсүң? Көрүшө элегибизге канча болуп кетти? 3 жылбы же 4 жылбы?- Арсен билмексен кишидей сурады. Чынында ал Бегимайды ойлобогон бир дагы күнү болгон эмес. Жолугушчу күндү шурудай санап келгенин кантип танат? Бирок анысын байкатпашы керек.
– Билбейм,- кыз жылмая ийиндерин куушурду. Кыска ак футболка, буттарына чыпташкан кара шым Бегимайга куп жарашыптыр. Арсен аны суктана карап алды.
– Бош болсоң жүр, бир аз сүйлөшүп отуралы. Кофе ичели?
– Мейли...- кыз кантип макул болгонун байкабай калды. "Койсоңчу, Бегимай, сен бирөөнүн аялысың да!" анын ички үнү чыркырап жиберди. Бирок кыз Арсендин жылмаюусуна, келбетине, үнүнө, турпатына арбалып калды.
Беш кадам арыраактагы кафеге баш багышты.
– Бизге азырынча кофе гана...- жаңы эле столго отурганда жетип келген официантты жигит жылмая кайра узатты.
– Сүйлө анан? Кандайсың? Не жаңылык?- жигиттин мындай суроолоруна Бегимай таң калып бүтө элек. Тим эле мындан 4 жыл мурун эч ыр-чырсыз ажырашкандай, баарын кечирип, баарын унуткандай түрү бар Арсендин.
– Жакшы эле...
– Турмушка чыктыңбы?
– Ооба...
– Болушка да, ээ?
– Мм...- кыз өзүн тергөөчүнүн алдындагы кылмышкердей сезип кетти.
– Ал эмне аялы менен ажырашканбы?
Кыз бул суроону жоопсуз калтырды. Кызарып кетти.
– Кечирип кой! Туура эмес суроо берип алдым окшойт.
– Эч нерсе эмес... Мен басайын...- кыз ыңгайсыз абалда ордунан турду.
– Койчу. Таарынып калдыңбы? Магабы? А мен таарынбай элемин го?! Болушка кеткениңе деле, түрмөгө каматканыңарга деле, акчаң жок деп чанганыңа деле таарынбай, кечирип жүрөм го?! Токто... Отур!- жигит ишенимдүү түрдө ордунан козголуп кызды билектеринен тартты. Арсендин колдору ысык эле. Кыз дароо байкады. Денеси дүркүрөй түштү. Каршылык көрсөтө албады.
– Уялчаак кыз болуп калгансың го, тентек! "Тентек" бул сөз Бегимайдын кулагына ушунчалык жагымдуу угулуп кетти. Аны минтип Арсени гана айтчу. "Тентек, тентек..." ичинен кайталап жиберди. Жөн эле бир сөз ушунча жагымдуу болобу?..
Каректерин өйдө кыла берип, аны мурункудай эле сезим толгон капкара көздөрү менен теше тиктеп турган Арсенден көзүн ала албай калды. Ооба, бул экөөндө тең бири-бирине болгон кусалык бар эле. Алар андан кутула албай жүрүшкөнүнө көп болгон...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№759 19-25-май, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Та-ак, Дуулатов, эмне дейсиң?
– Агай, жол тыгында калып калдым.
– Уктадым деп эле айтчы, Дуулатов. Эми мен үйгө кетем да,- картаң агай көзүн кыбыңдата сүйлөдү.
– Агай бир айласын кылалычы. Мына макетти да жасап келгем. Мүмкүн, үйүңүзгө мен да кошо барам.
– Сен эмнеге барасың?
– Экзаменди ошол жактан тапшырам.
– Тим эле!- Турсун Жумабекович жактырбагандай бурк этти. Анан капыстан тээ күздөн бери жыйналбай турган короосун эстеп кетти. "Бас" деди анан ал чечкиндүү.

ххх

– Бегимай!- короодон кирип эле Турсун агай кимдир бирөөнү чакырды.
– Оу, чоң ата!- гүлдүү, кыска көйнөк кийген, чачын эки өрүм байлаган, көздөрү бакырайган арык кыз үйдөн чыкты. Кыздын ал элеси күнү бүгүнкүдөй жигиттин эсинде. Чоң атасынын жанындагы жигитти жалт карап алып, кайра уялыңкы көздөрүн ала качкан. Окуучу кыздай эле көрүнгөн. Көрсө жогорку окуу жайда 2-курста окучу экен.
– Мына бул жигитке сарайдан тырмоок алып чыгып бер! Короону жыйнайт. Дуулатов, экзаменди ошону менен бүттү деп эсептейбиз. Түшүнүктүүбү? - картаң агай өктөм сүйлөдү.
– Ооба...- Арсен сарайды көздөй баскан кыздын артынан жөнөдү.
Сарайдын ичи жыйналбаптыр, буюмдар каршы-терши чачылып жатат. Илмийген ичке буттары менен жердеги буюмдардан аярлай аттап өтүп бараткан кыз Арсенге өтө эле назик, өтө эле күнөөсүздөй көрүндү.

– Мына?!- деди кыз акыры тырмоокту таап.
Арсен бир эсе экзаменди ушундай тапшырып калганына ичинен кымыңдап жатты. Билек түрө ишке киришти. Короонун ичиндеги жаңгак, алма, кара жыгачтан былтыр күзүндө күбүлүп түшкөн жалбырактар жыйналбай жата берип кара күрөң тартып кеткен экен. Чаң. Аларды бир жерге чогултуу жигитти көп убара кылды. Чоң ата менен небере үйгө кирип кеткен боюнча жок. Тамагы кургап чыкты. Бирок чыдап жумушту бүтүрүп салмакчы болду.
– Агай?- боз ала чаң болуп жумушун бүтүп босогого келди.
– Ал уктап жатат...- ичкериден кыз чыга келди.
– Мен бүттүм.
– Анда үйгө кирип тамак ичиңиз - ойлоп көрсө эртеден бери наар ала элек экен. Кыздын сунушуна макул болуп, жуунуп үйгө кирди.

– Чоң атамды ойготпой эле коёлу. Эс алып алсын- Бегимай тамак салып жатып сүйлөдү.

– Баса, ийгиликтүү экзамен тапшырып алышыңыз менен куттуктайм!- деди кыз жылмая. Жанатан бери өзүн коёрго жер таппай ыңгайсызданып турган Арсен жандана түштү.

– Рахмат! Эми күздө келип корооңорду дагы бир жыйнап берсем кышкы экзаменден да өттүм дей берсем, болот- жигиттин бул жообуна кыз кыткылыктап күлүп койду.
– Бегимай ээ, атыңыз?
– Ооба. А сиз, Дуулатов?
– Дуулатов Арсен.
– Та-ак, Дуулатов Арсен, анда тамакка караңыз.
– Мен сизди уялчаак кыз экен деп койдум эле жанараак?
– Сырткы келбет алдамчы да. Мисалы, сиз деле сыртыңыздан жакшы окуган жигиттей көрүнөт экенсиз... А менин чоң атам болсо Аяз атадай боорукер туюлат. А чынында караңызчы, сизди концлагердин туткунундай иштетип койду.
– Көп да сүйлөйт экенсиз...
– Кечиресиз. Сиздин экзамен тапшырып, мээңиз чарчап турганын унутуп калыптырмын - Бегимай ажыкызданып жооп берди.
– Мен тамашаладым.
– Тамаша беле? И-ий, бир аз эртерээк айтсаңыз болмок экен. Таарынып калбадымбы. Эми кеч!- кыз кайгырган адамдай башын чайкап койду. Арсен күлүп жиберди.
– Мыкты актриса чыкчудай экен сенден.
– Чыгат буюрса! Окуп жатабыз азыр...
– Аа... Жигитиң барбы?
– Бар.
– Жок болсо, балмуздак алып берейин дегем да...- деди жигит күлүмсүрөй.
– Тамашаладым. Жок- кыздын бул жообуна экөө тең күлүп калышты.
– Балмуздакты ушунча жакшы көрөсүңбү? Жигитиңди балмуздакка алмашып жибердиң...

Айткандай эле алар тамак ичип бүткөн соң жакынкы дүкөнгө барып балмуздак алып жешти. Экөө тең ичинен тез тил табышып кеткенине кудуңдап жатышты. Ананчы, алар дароо эле бири-бирине жагышкан болчу. Бирок аны азырынча сыр кыла туруу керек.
– Телефонуңду бересиңби?- жигит кетүүгө камданып жатып сурады.
– Эмнеге?
– Номериңди берсең, мындан да чоң балмуздак алып берем.
– Жаз анда- кыз күлмүңдөй номурун айтып баштады. Бирок ал акыркы санын айтпай койду.
– 0дөн 9га чейинки сандарды терип көр. Сен да кичине аракет кыл. Балмуздак үчүн эт-бетинен кеткен тамаксоо экен деп калбагын- деди кыз тамашалай.

ххх

Арсен үйүнө кубанычтуу кайтты. Таң эрте уктап калганы сонун болгон экен. Бир-эки сааттан кийин кыз берген номурдун жетишпеген санын табууга аракет кылат. Бул ырахаттуу машакат болмок.
Телефонун колунда айлантып керебетинде жаткан жигитке капыстан бир ой келди. Кыз берген номурга 0дон 9га чейинки сандар уланган 10 номурга тең "Эскимо" деп СМС жазып жөнөтүп жиберди.
Акыры аягы 4 менен аяктаган номурдан "Өзүң ошондой!" деп жазылган, күлүп турган быйтыкчасы бар жооп келди. Бул Бегимай болчу...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№767 14-20-июль, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Алардын бул шыбырашуусун Арсен угуп калды. Көкүрөгүн муздак шамал аралап, ыңгайсызданып кетти. Бут кийимин карады. Чын эле жайда кийчү жука чүпүрөктөн тигилген бут кийиминин эскилиги жетип, кемшийип калыптыр.
– Жинди!- кыз тигилерге кошулуп күлдү. Билмексен болуп жигитинин жанына келип турду.
– Эмне, силер түрлөп кийингендерди баалайсыңарбы, ээ?! Ар түрдүү бут кийими бар киши силер үчүн сыйга татыктуубу?! Силер деги дүкөндөрдөгү кооз кийинген манекендерди сүйүп калбайсыңарбы?!- Арсен өзүн кармай албай кетти.
– Жок, Арсен, сен туура эмес түшүнүп алдың...
– Эгер курбуларың айткандай бир эле кийими менен жүргөн жигит сага акыл-эси ордунда эместей көрүнсө, кел анда кол үзүшөлү? Сенин аларга кошулуп күлгөнүңө караганда, алардын оюн бөлүшөт окшойсуң да!- жигит ачууланып чыкты. Бул убакта тиги кыздар тез-тез басып кетип калышты.
– Кечирип койчу.
Бул кыз-жигиттин биринчи урушу болду. Жигит ызаланып калган экен. Кыздан биринчи автобуска түштү да, аны таштап кетип калды.
"Кайдасыз? Мен универдин жанындагы аялдамадамын..." Кыз шыпылдатып кимдир бирөөгө СМС жаза баштады. Жигитинин таарынып кеткенин дароо унуткандай.
Аз өтпөй аялдамага ак Гелендваген келип токтоду. Кыз ишенимдүү түрдө эшикти ачты, ага бардыгы көнүмүштөй. Арткы орундуктагы Болуш кызды күлө карап, анын жүзүнөн сүйдү.
Ооба, булардын Арсенден жашырынып жолугушуп жүргөнүнө көп болуп кетти. Арсендин атасы Дуулат да эч нерсени байкабай эле жүрөт. Шефинин оюнчугу болуп жүргөн Бегимай өзүнүн келини болчу кыз экенин ал али аңдай элек. Дуулаттын көзүнчө Бегимай менен Болуш Арсен деген атты айтышпайт, "тиги" деп тергешет.
А Бегимай болсо Болуштун торуна чырмалгандан чырмалып эле баратат. Арсенден кеткиси келбейт. Аны аяйт, жакшы көрөт... Бирок акыры барып баары ачыкка чыгарын билет. Арсендин атасынын көзүнчө эле ал акчага, белектерге, кымбат жашоого азгырылып кеткен. Баары кандай болуп кеткенин аңдабай калган.
Акылсыздык кылыптыр. Бир күнү болбосо, бир күнү Арсен "ата-энем менен тааныштырам" дегенде эле абийири төгүлгөнү жатат. Демек, окуянын аягы белгилүү. Арсен менен үй-бүлө куруу кыялы талкаланып бүттү. Бирок дале сыр билгизбей жигитинен кете албай жүрөт. Дуулат Бегимайды эзели жалгыз уулуна аял кылып алып бербейт. Уулун ушул кыз менен көрчү болсо кыздын бетине түкүрөрү анык. Эми кыз жок дегенде Болушту пайдаланып алышы керек. Кыз ушундай тыянак чыгарган. Бирок ал Болушту пайдаланганы жатабы же тескерисинче, Болуш кызды пайдаланабы, али белгисиз. Адатта Болуш эч нерседен уттурчу эмес эле...
– Эмне маанайың жок?- Болуш күлө карады.
– Тиги менен урушуп кеттим...
– Аа. Ошол элеби? Бош болсоң, жүрү, мени менен бир жакка барып келчи.
– Мейли.
Унаа зуулдап Түштүк Магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишиндеги көп кабаттуу элиталык үйгө келип токтоду.
– Жүрү.
– Кайда?
– Мен сага бир нерсе көрсөтөм.
Лифт менен тогузунчу кабатка көтөрүлүштү. Болуш ачкычы менен батирдин эшигин ачты.
– Кир.
– Эмнеге?- кыздын көздөрү тостоё түштү.
– Коркпо. Бул үйдү сатып алгам. Оңдоп-түзөп жаткан болчумун. Жакында эле бүттү, сага көрсөтүп мактанып коёюн дедим. Болуштун бул сөздөрүнөн кийин Бегимай жылмайып алып батирге баш бакты.
Үй чын эле мактангыдай экен. Заманбап үлгүдө жасалгаланыптыр.
– Төргө өт. Кандай экен?
– Сонун, Болуш байке! Буга толтура акча кетсе керек, ээ?
– Миллиондон көп,- Болуш жылмайып койду.
– Конушуңуз кут болсун!
– Рахмат! Бир нерсе ичесиңби?
– Түшүнбөдүм...
– Вино, коньяк, виски...
– А жо-ок...
– Жаңы үйлүү болушум менен куттуктап кой да. Бир аз ууртап отур. Мына бул вино абдан сонун. Француз виносу, досторум ала келишиптир,- Болуш шыпылдап барып муздаткычтан ак шарапты алып чыга калды. Өзүнө бир аз коньяк куюп, кызга жарым-жартылай ак шарапка толгон кооз бокалды сунду. "Француз виносу" деген сөз гана Бегимайды азгырып кетти. "Кандай болот болду экен?" деди ичинен.
– Ийгиликтер үчүн эмесе!- Болуш коньяктан татып койду. Кыз шараптан ууртады. Чын эле жагымдуу даамы бар экен. Ал бул даамды эстеп калгысы келди. Улам ууртап коюп отурду. Керек болсо кайсы бир күнү курбулары менен отурганда "француз виносунун даамы жагат" деп татып көргөн киши катары мактанып жатканын да элестетип жиберди. Болуштун сөздөрүнө алаксып, аздан ууртай берип бир убакта кызымтал болуп калды.
– Уф, мен бүгүн таза абада бир аз дем алып, анан үйгө барат окшойм,- кыз алакандарын кызарган жүзүнө басып сүйлөндү.
– Барбай деле кой да...- Болуш кыздын жанына жакындап отурду.
– Болуш байке?
– Мынчалык жакын отурбаңыз! Сиз эмнени каалап жатасыз деген жатасыңбы? Сени каалап жатам, Бема. Биринчи көргөн күндөн тартып сага ашык болдум. Байке дейсиң... Ооба, байкеңмин, бирок сага ашык болгон байкеңмин. "Карыганда буга эмне болгон" деп жатсаң керек, ээ? Бирок 50 жаштын кырына келгенде сага ашык болуп, өзүмдү жаш жигиттей сезип турам. Баягы жаш кездегидей жүрөктүн дүкүлдөгөнүн, толкунданганымды, сенин жылмаюуңдан эле бактылуу болуп жатканымды ойлосом төбөм көккө жете түшөт. А сен менин махабатымды кабыл алар бекенсиң?
Бегимай мындай сөздөр кинолордо гана сүйлөнөт деп ойлоп жүрчү. Болушту карап катып калды. Ал күтүп турган жок. Бегимайды бекем кучактап, туш келди өпкүлөп баштады.
– Болуш байке, суранам! Токтотуңуз!- кыз кыйкырып жиберди.
– Бема, садагам! Сени жакшы көрөм!- Болуш токточудай эмес, туш келди өпкүлөп жатат. Бардык кыялыңды аткарам. Мендик болчу! Каалайсыңбы, эртең эле Дубайга учуп кетебиз! Ысык өлкөдө эс алып кайтабыз.
– Болуш байке...- кыз "жок" деп айта албады. Баш ийип берди. Кыял күлүк экен. Ойлор заматта Дубайга жетти. А денесин Болуш уйпалап жатты. Аруулугун ысык өлкөдөгү бир жумалык эс алуу үчүн арнап койду.

ххх

Бегимай Болуштан көздөрүн ала качып, жуунуучу бөлмөгө бет алды. Сууну шар агызып коюп, тизесин кучактап отура кетти. "Арсен, мени кечир! Мен..." кыздын көкүрөгү ачышып чыкты. Ал актангысы келди. "Мен башкача жашагым келет" акыры ушуну ойлоп тапты. Актануусу ушул болду.– Бема, садагам! Сен ыйлап жатасыңбы?- Болуш эшиктин сыртынан сүйлөдү. Билсең, мен сага ыраазымын. Сенин тазалыгың үчүн ыраазымын. Мени бактылуу кылып койдуң. Баса, мен Дубайга билеттерге буйрутма бердим.

ххх

– Азыркы кыздар эмне болуп баратат, түшүнбөйсүң?- Дуулат тамагын ичип жатып аялына сүйлөдү.
– Эмне болуп кетти?
– Шеф дагы бир куурчак таап алды. Жапжаш кыз. Аны ээрчитип алып Дубайга кетти бүгүн. "Аялы бар, үй-бүлөсү бар" деп деле ойлонушпайбы тиги кыздар?
– Заман ошондой болуп жатпайбы.
– Заманда кеп жок, кептин баары адамдарда... Алардын деңгээлинде...
"Адам деген адам да" Арсен аркы бөлмөдөн атасынын сөзүн угуп, өзүнчө ойлонуп кетти. "Адам деген сатылып кетет. Болгону баасын бычыш керек. Атам замандан бери эле ошентип келе жатпайбы. Демек, заманга да, адамга да кейибеш үчүн акчаңдын болушу шарт. Акчаң болбосо эң жакын көргөн адамың деле сени шылдыңдайт, таштап кетет..."
Жигиттин атасын кейиткен, жигиттин өзүн түркүн ойлорго түрткөн албетте Бегимай эле. Болгону ал кезде ата-бала бир эле адам тууралуу ойлонуп жатышканын аңдаша элек болчу...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№768 21-27-июль, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Вау,- кыз суктанганынан оозун ачып катып калды. Бийиктиги 828 метрди чапчыган, дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж-Халифа заңкайып Бегимайдын алдында турду. Эмне деген керемет?! Чылк айнек жамынган бул имаратты адамдар салганына ишенүү кыйын болчу. "Мен туптуура тандоо кылдым" деди Бегимай ишенимдүү. Бурж-Халифанын керемет көрүнүшү кыздын оюн бекемдеп тургандай болду. Ал эми имарат ичиндеги дүкөндөр, мейманканалар, салкын жана жыпар жыттуу аба кызды эсинен тандырып коё жаздады. Улам Болушту моюнунан бекем кучактап, жүзүнөн сүйүп коёт. Бул анын ыраазычылыгы эле. Албетте, Болуштун ага жасап жаткан "жакшылыгынын" алдында Бегимайдын кучактоосу, өпкөнү эч нерсе деле эмес го, бирок Болушка башкача кандай рахмат айтуу керектигин кыз билбейт. Ал жооп кылып жакшы көрүү гана бере алат.
Болуш ыраазы эле. Ал жарым кылымдык өмүрүндө ага мынчалык ыраазы болуп караган көздөрдү биринчи көрдү. Болгондо да алар сулуу көздөр эле. Болуш жашара түшкөндөй көңүлү куунак. Байкап көрсө, канчадан бери бейкапар гана ырахаттанып көрө элек экен. Азыр эми ырахаттанып жатты. Ырахат тартуулоочу бардык нерсе бар. Ыраазы болгон сулуу көздөр, акча, байлык, аброй...

ххх

Дуулат шефин аэропортто күтүп жатты. Бүгүн ал жаш "куурчагы" менен Дубайдан учуп келмек. Күн суук.
– Шеф келатат!- Болуштун жаш жардамчысы шашкалактап чуркап кетти. Аз өтпөй унаага Болуш менен Бегимай келип отурду. Эс алуулары ойдогудай болгон окшойт. Экөөнүн тең көңүлдөрү ток. Жаш жардамчы унаанын аркасына чемодандарды салып болуп, Гелендвагендин алдыңкы орундугун ээледи.
– Элестетиңиз, кыш экенин унутуп коюптурмун. Жалаң жайкы көйнөктөрдү сатып ала бергенимди Бишкекке конгондо түшүндүм,- Бегимай Болуштун ийинине жөлөнүп, эркелеп кыткылыктады.
– Азыр кайда айдайын?- Дуулат алдыңкы орундуктагы жаш жардамчыга сүйлөдү. Ал болсо дароо артка бурулуп:
–Шеф, азыр...- дегиче Болуш анын оозунан сөзүн жулуп алып олуттуу сүйлөдү.
– Түштүк магистралга,- деп койду. Бегимай экөө Дубайдан эле Бишкекке кайткан соң кыз баягы элиталык батирде жашай турган болуп макулдашып алышкан. Аздан соң Болуш Бегимайды батирге таштап, өзү үйүнө кетти.
Кыз шөкөттөлгөн батирде жалгыз калды. Көкүрөгү муздай түштү. Бирөө менен сүйлөшүп, кайда болгонун, ким менен болгонун айтып мактангысы келди. Бирок анткенге болбойт. Болуш экөө бардыгын сыр кылып сактамак болушкан.

ххх

Арсен сабагынан кеч чыкты. Сабактарына келди деген эле аты болбосо, анын оюнун баары башка жакта. Керээли-кечке эскилиги жеткен Нокиасын тиктеп отурду. Бегимай чалган жок. Канча күндөн бери эле чалбай жатат. Жигит да чыдап чалбаганга аракет кылууда. Күнөө кызда. Ал кечирим сурасын, биринчи чалсын. Арсен ушинтип ойлоп койгон. Бирок бүгүн да үмүттөрүн таш капты. Окуу жайдан чыгып дагы бир жолу телефонун карап койду. Нокиасы маанайсыз шөмтүрөйт. Атасынын телефонун терди.
– Алло, ата, кандайсыз?
– Жакшы.
– Мага 200 сом берип туруңузчу? Бүгүн интернеттен сабакка керектүү бир нерсе алыш керек болуп жатат.
– Азыр мен бир ресторандын алдында турдум эле, ошол жакка эле келбейсиңби? 12-кичирайондо.
– Мейли,- жигит атасына калп айтты. Ал жөн гана таң атканча интернет клубда отурууну чечкен. Сабактарга тиешеси жок. Арсен үчүн Бегимайды аз болсо да ойлобой коюунун бир жолу интернетке кирип, анын кыйырын аралап кетүү эле.
Атасы айткан ресторанга Арсен кеч кирип калганда барды. Дуулат Гелендвагенде отурган экен.
– Болушту күтүп турасызбы?
– Ооба. Мына 200 сом. Үйгө качан барасың?
– Эртең менен. Таң атканча реферат жазсамбы деп жатам.
– Мейли. Сабактарың жакшыбы?
– Жакшы. Бул жакта жакын жерде даараткана барбы?
– Мына бул ресторандыкына эле кирип ал.
– Аа...- жигит шыпылдап ичкери кирди.
"Жакын жерде кайсы интернет клуб бар эле?" Арсен колун жууп жатып ойлонду. Дал ушул убакта сырттан Бегимайдыкына окшош үн укту.
– Апа, мен бошой албай жатам. Бошоорум менен барам. Ооба, айттым го барам деп...- үндүн ээси чын эле Бегимай экен. Арсен эшикти ачып, айымдардын дааратканасынын эшигинин алдында туруп алып кимдир бирөө менен телефондон сүйлөшүп жаткан кызды көрүп таң калып калды. Бегимай сүйлөп жатып токтоду, көздөрү чакчая түштү.
– Сен кайдан?- Арсен узун, кооз көйнөк кийген, супсулуу болуп боёнгон Бегимайдан таң кала сурады.
– Мен... Мен курбуларым менен жүрөм...- кыз узун кирпиктүү көздөрүн тез-тез ирмеп, шашкалактады.
– Кайсы курбуң?
– Сен... Сен аларды тааныбайсың!
– Кийинип сыртка чык! Мен сени үйүңө жеткизем.
– Мен кетпейм.
– Бас!- жигит дароо эле эч кандай курбулар жок экенин билди. Кызды колдорунан тартып сыртка сүйрөдү. Кызганыч көкүрөгүн өйкөп кетти.
– Коё бер, Арсен! Экөөбүздө баары бүтпөдү беле!?
– Эмне!? Качан!?
– Бема, эмне болду?- ызы-чууну уккан окшойт да, Болуш шашкалактап жетип келди. Келди да Арсенди карап делдейе түштү.
– Эй!..- Арсен башка эч нерсе деп айта албай калды. Ал көргөн көзүнө ишенгиси келбегендей, кандайдыр бир таарыныч, жийиркенич менен Болушту тиктеп калды. Оор таш көтөрүп бийик тоого чыккандай оор-оор дем алды.
– Чогуусуңарбы?
– Коё бер кызды!- жооптун ордуна Болуш жүткүнүп кызды бошотмокчу болду.
– Энеңди!..- Арсен былч эттире Болушту бет талаштыра коюп калды. Ачуу менен чыккан сокку Болушту сулатты. Мурдунан кан кетти.
– Айт, чогуусуңарбы?- кызды жулкулдатты.
– Арсен, суранам, токтот!- Бегимайдын көздөрү коркунучка толуп калыптыр.
– Айт!- жигит бакырды.
– Эй, акмак! Сен...- эсине келе түшүп өйдө болоюн деген Болушту Арсен беттен ары бир тепти. Ал баарын түшүндү. Атасы өткөндө сөз кылган Болуштун жаңы "куурчагы" Бегимай тура, көрсө. Кызганыч, жек көрүү аралашкан сезим жигитти акылынан адаштырды.
– Энең... Ме сага! Ме сага!- сулап жаткан Болушту бет талаштыра муштап-муштап жиберди.
– Канчык!- деди анан өйдө боло Бегимайдын көзүнө тик карап.
– Тфу!- дубалга жаба түкүрүп чыгып кетти. Кыз башын мыкчып ыйлаган бойдон кала берди.
– Ташта унаасын!- Арсен жулкунуп келип атасын Гелендвагенден түшүрдү.
– Эмне болду, эй, бала?- көздөрүнө кан толуп, жини кайнап калган баласын карап Дуулат дал болуп калды.
– Кеттик! Кереги жок эч нерсенин!- Арсен жакшы эле тиштенип барып, бирок ыйлап жиберди.
– Эй, Дуулат байке, карма алдагыны!- Болуштун жаш жардамчысы чыга калып кыйкырды. Артынан эле жан сакчысы болуп жүргөн эңгезердей неме Арсенди көздөй чуркады. Дуулат эч нерсени түшүнбөй калды. Ары жак-бери жагын караганча эле Болуштун жан сакчысы Арсенди бет талаштыра коюп калды.
– Эй, токтот! Эмне болду?- Дуулат жан сакчыны түртүп жиберди. Жерге көмөлөнүп түшкөн Арсен тура калып дөөдөй болуп турган жигитти былч эттире кулак түпкө койду. Экөө былчылдашып эле жатып калды. Ары жактан жетип келген жаш жардамчы жан сакчыга жардам кылып, Арсенди ыңгайы келгенде тээп калып жатты. Дуулат буларды ажырата албай убара.
– Токтоткула, бул менин балам! Эмне кылды бул?
– Балаң экөөңдү... Энең...- кайдан-жайдан ак көйнөгү кызыл жаян кан болгон Болуш келип Дуулатты башка чаап калды. Улам жыгылып, кайра тура калып жаткан Арсен Болуштун атасына чоң чыккан үнүн угуп ызаланып чыкты.
– Эш-шек! Өлтүрөм мен сени!- жигитте кайдан-жайдан албуут күч пайда болду. Сокку жеп жатканын унутуп эле, Болушка кайра атырылды. Бирок ушул тапта денесин ток аралап кетти. Жан сакчы электрошокер колдонгон болчу. Былч-былч! Башка, бетке тынымсыз тепкилеп жатышты. Атасы Арсендин үстүнө башын калкаламак болуп жыгылды. Эми соккунун баары атасына тийип жатты...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№758 12-18-май, 2017-ж.

(Башталышы өткөн санда)

Ортодо ыңгайсыз жымжырттык пайда боло түштү.
«Даамдуу болсун!» деп официанттын кофе көтөрүп жетип келгени жакшы болду. Учурдан пайдаланып экөө тең көздөрүн бири-биринен ала качышты.
– Мен сенден кечирим сурагым келет. Билесиңби, ал учурда... Мен түшүндүрө да албайм. Болгону менин каалоом ошондой болду...
– Кам санаба. Менде сага эч кандай таарыныч жок. Эмне гана болбосун бардыгы жакшылыкка деп коёт го... Ким билет, балким, сен мени чанып кетпегениңде мен азыркы даражага жетет белем, жетпейт белем?
– Арсен, мен чынында сенин түрмөгө отурганыңды билген эмесмин!
Бегимай калп айтты. Болуш ага айткан.
– Эч нерсе эмес...- Арсен жылмайып койду.
– Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы? Окууңду бүттүңбү? Иштеп жатасыңбы?
– Бүткөм, бирок иштей элекмин...
– Аа... А мен сени сагыныптырмын, тентек,- деди Арсен олуттуу.
Кыз кызарып кетти.
– Антип айтканга болбойт. Мен эми бирөөнүн жубайымын. Баса, сен өзүң үйлөндүңбү?- кыз эптеп сөздү башкага буруп кетти.
– Жок! Ал жөнүндө ойлоно да элекмин. Убакыт-сааты келер. Андан көрө айтчы, сен мени сагындыңбы?- Арсен кайра сөздү өз нугуна алып келип салды. Кыз буйдала түштү.
– Сагындың, билем!- жигит өзүнө ишенимдүү сүйлөдү.
– Эмне экстрасенссиңби?
– Көздөр калп айтпайт.
– Сенин эмне дегиң келип турат?
– Жөн эле... Ичте болгон сезимимди сыртка чыгарып жатам. Сенин сезимдериңди окудум. Аларды эми азыр жашырганда эмне? Биздин тагдырыбыз баары бир бөлөк да. Ачык эле, табышмактатпай сүйлөшкөнүбүз жакшы го. Ким билет, биз дагы жолугабызбы, жолукпайбызбы?
– Жолукпайбыз! Мени күйөөм көрсө башымды жулат.
– Болгондо да мени менен көрсө...
– Айтпа!- кыз жылмайып алды.
– Жылмайганың сонун...
– Уялтпачы.
– Сонун сүйлөшүп жатабыз, ээ? Сагынышкан кишилердей...
– Болду эми...
– Мда-а...
– Эмне?
– Жөн гана өткөн күндү эстеп жатам. Биз анда жапжаш элек. Көп кыялдарыбыз бар эле.
– Сыртыңдан чечкиндүү, күчтүү жигиттей көрүнгөнүң менен, ичиңде таттуу түштөрдү көргөн назик жигит окшойсуң,- кыз кыткылыктап күлүп алды.
– Калп эле уялчаак болуп жаткан турбайсыңбы. Тентек бойдон эле экенсиң.
Кыз дагы күлдү. Анан экөө бир топко чогуу өткөргөн күндөрдөгү күлкүлүү окуяларды эстеп чер жазышты. Эскерүүлөр акыры келип Бегимайдын Болуш менен кеткенине такалмак. Кыз мунун алдын алды.
– Кой, эми мен басайын. Жакшы кал...- Бегимай өзүнө жарашкан назиктик менен ордунан козголду.
– Мейли! Жүр унааңа чейин узатып коёюн...
Эшикте күүгүм кирип калыптыр.
– Жакшы кал, Арсен!- кыз унаасынын жанына келип кол сунду.
Арсен унчукпастан колун алды.
– Жакшы бар, сулуу!- Бегимайдын колун коё бербеген бойдон сүйлөдү. Анан ал өзүнө ээ боло албай кетти. Кызды өзүнө тартты да, эриндеринен өөп жиберди. Кыз башын бурууга аракет кылды. Бирок Арсен карылуу экен. Аны кучагынан жылдырбай кармап алды. Жигиттин бекем кучагында ал канчадан бери көксөп жүргөн тааныш жыт бар эле. Ал аны магдыратып жиберди. «Жок, Бегимай! Жок!» анын жан дүйнөсү чыйпылыктап жатты. «Ким билет дагы жолугабызбы, жолукпайбызбы?» эмнегедир Бегимайды ушул ой жеңип кетти. Колдорун жигиттин моюнуна артты да, жанатан бери жашырып жаткан сагынычын сыртка чыгарып жиберди. Каршылык көрсөтпөстөн, тескерисинче, берилүү менен Арсендин эриндерине чап жабышып, кумарга жеңилип берди.
– Менин унаам караңгылатылган,- Арсен Бегимайга кумарланган үнү менен шыбырады.
– Сени сагыныптырмын...- жигит кыздын жообун түшүндү.
– Мына сага!- жана буларга кофе алып келген официант кара Гелендвагенге өбүшүүсүн токтотпостон түшүп кеткен кыз-жигитти кафенин терезесинен карап жатып суктана сүйлөндү. "Кашайгыр, терезесин караңгылатып койгон тура!" деп официант жигит нааразы боло түштү. А кара Гелендваген эки адамдын кумарын, сагынычын, шыбырашкандарын эч кимге көрсөтпөй, сырды сактай билген эң жакын дос өңдөнүп дале сүрдүү, дале ачуулуу кейпинен жазбай тура берди.

ххх

Бегимай менен мындан 6 жыл мурун табыштырган ал күн дале Арсендин эсинде. Түнү менен эки кабаттуу үйдүн макетин жасап чыккан. Ал келечектеги архитектор, 3-курста окуйт. Бир ишке берилип кетсе, бүтмөйүнчө жаны тынбайт бул жигиттин. Ал күнү да уйкуну жыйыштырып, таң агарганда өзү кыялдангандай особнякты жасап бүттү.
– Уф...- үшкүрүнө керебетине жатты. Өз ишине өзү ыраазы боло жылмайып алды. Анан ошол жылмайган бойдон уйкуга кете берди.
"Эй, сен эмне сабакка барбайсыңбы?" деген апасынын үнүнөн чочуп ойгонду. Шаша-буша саатты карады. 11:20. «Туй ата! Турсун агайдын сабагы эмес беле?! Өлдүм!» ордунан туруп тиш жуугуч пастаны щёткасына шыбап жатып кыжалаттанды...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Бегимай эчак уйкуга кеткен. Арсен балкондо туруп тамеки күйгүздү. Кээде туруп тамеки чеге калмайы бар. Таң агарып келе жатат. Анда-санда унаалардын зуулдап өткөнү угулат. Балкондун алдында капкара Гелендваген ээсин күтүп дымып турат.
Жигит өзүнө-өзү ыраазы, башында кандайдыр бир ойду бышырып алгандай. Тамекисин чертип ыргытып, кетүүгө камданды. Эми жөнөшү керек. Бөлмөдөн чыгып баратып, кагазга телефон номурун чиймелеп жазды да, керебеттин жанындагы отургучка таштап койду.

ххх

– Ай, түшкө чейин уктайсыңбы? Тур, ботом,- Бегимай апасынын үнүнөн ойгонуп кетти. "Арсен? Ал кайда? Апам бизди көрсө өлдүк..." башына ар түркүн ойлор келе түштү. Апасына батиринин бир ачкычын берип койгон, ал Бегимай үйүндө жокто же чет жакка кеткенде келип үйүн жыйнап турат. Кээде минтип жөн эле кирип келет. Болуштун кайсы күнү үйдө болбой турганын да билет.
– Түндө да кеч келгенсиң го, ээ? А бул кимдин номуру?- апасы отургучта жаткан кагазды көтөрдү.
–Алып келиңиз,- жанатан 4-5 адам кенен батчу керебетте өзүнчө ойго батып жаткан Бегимай тездик менен тура калып, апасынын колунан кагазды жулуп алды.
– Эй, шерменде, кимдин номуру алдагы?!
– Курбумдуку.
– Калп айтпа! Мени жаш бала ойлоп жатасыңбы? Мунуңду Болуш билсе...
– Эмне Болуш билсе?!
– Кызым, ачууланба! Сен өзүң деле карап көрсөң, кандай сонун үйдө жашап жатасың? Чет мамлекеттерге чыгып эс алып келдиң, алдыңда жол тандабас машина. Ушунун баарын сага Болуш берип жатпайбы... Ал сенин күйөөң, аны сыйлашың керек...- апасы дагы бир топ кеңештерин айтмакчы болгон, бирок Бегимай сөзүн жулуп кетти.
– Апа, көзүңдү чоңураак ачсаң! Бул үй анын жардамчысына катталган, унаа баласына, менин эч нерсем жок.
– Жок эми, кызым...- апасы дагы сөзүн бүтүрө албай калды.
"Эми, кызым, Болуштун мага белек кылган шубасычы? Атаңа белек кылган унаасычы?" Ушуну айткан жатасызбы?
– Ал сенин иниңди ФСБнын академиясында окутуп жатат!
– Дагы? Дагы эмнени унутуп калдым, санай бериңиз?
– Токтот, Бегимай! Сен турмушка чыккандан бери жашообуз жакшырганын моюнга алыш керек.
– А силер мен жөнүндө ойлоп койдуңарбы? Балким, мен Болушту сүйбөйттүрмүн. Мен аны жек көрүп жаткан болсомчу?
– Билем мен сенин сүйүүңдү! Арсениңби сүйүүң? Томаякпы? Ага тийсең көрмөкмүн. Же кийимиңе, же тамагыңа жеткире албай, быжыратып төрөп алып отурмаксың!
– А менин быжыратып төрөгүм келип жаткан болсочу?
– Токтотчу, Бегимай! Сени жакшы жашоо эле көптүрүп жиберди. "Капризиң" кармап калыптыр бүгүн.
– Ээх!- Бегимайдын ыйлагысы келип кетти. Апасынан көзүн ала качып, жуунуучу бөлмөгө кирип кетти. Дароо сууну шарылдатып агызып жиберип, башынан ылдый агып жаткан суунун алдында тизесин кучактаган бойдон ыйлап баштады. Муштумунда апасынын колунан жулуп алган телефон номур жазылган кагаз. "Кайдан гана келе калдың, Арсен? Сенсиз сонун эле жашап жатпадым беле? Жолукпашым керек сага!" кызды уйгу-туйгу ойлор жеп жатты. "Токтот, Бегимай, бул жакшылыкка алып барбайт!" кыздын ички үнү өктөм чыкты. Бирок ал колундагы кичинекей кагазды суу болуп калбасын дегендей бекем мыкчып отурду. Сезимдерин жеңе албай койду. Акыры ордунан турду да, кагаздагы номурду ичинен эки-үч кайталап, анан суунун шарына таштап салды.

ххх

– Кофе ич! Даярдап койдум!- апасы таарынган үн менен жуунуучу бөлмөдөн чыккан Бегимайга кайрылды.
– Рахмат!
– Келсең, отурчу сүйлөшөлү.
Бегимай акырын барып апасынын маңдайына отурду.
– Кызым, мен сени Болушка зордоп тий дедим беле?
– Жок.
– Өзүңдүн тандооң ошондой эмес беле, туурабы?
– Ооба,- Бегимай үшкүрүнүп алды. Чын эле өзүнүн тандоосу эмес беле? Бирок апасы Болушка тийиши керектигин күндүр-түндүр кулагына куйганын да кантип танат?! Анда Бегимай болгону 21 жаштагы эле кыз болчу. Ошол убакта ал туптуура чечим кабыл алганына жүз пайыз ишенген. Эмичи? "Арсен менен башка жакка качып кетсекчи? Болуштун толтура акчасын алып, чет жакка чыгып алсак эле таптырбайт болчубуз. Бирок кантип?" заматта башына ушул ой келе түштү. Оо, анда жыргал болмок, Арсен экөө таптакыр ажырашмак эмес, дайыма жетелешип жүрүшмөк, ойношмок, тамашалашып эртели-кеч сүйлөшүшмөк, алар мурда дайым ошентип жүрүшчү. Кыз кыялданып жиберди. Жылмайып койду.
– Кимдин номуру жанагы?
– Апа, кайра баштабачы! Түндө клубда бирөө жалдырап жатып номурун кагазга жазып берген. "Күйөөм бар" десем болбойт. Анан алып койгом. Эртең менен сен сурасаң, уялып эмне дешти билбей колуңдан жулуп алдым. Аны ыргытып жибердим. Кам санаба!- кыз калп айтты.

ххх

Арсен унаанын арткы орундугунда уктаганга аракет кылып келе жатат. Бирок башына улам келип жаткан ойлор уктатчудай эмес. Рулда Тилек. Ал Арсенге жардам кылып жүргөн жигит. Булар Ошту көздөй келе жатканына 3 сааттан ашты. Бишкектен эле Арсен "мен уктайм, сен айда" деген, бирок ою ишке ашпады. Бегимай менен кечээ кокустан болгон жолугушуусу анын жан дүйнөсүн алай-дүлөй кылып жатты. "Сагыныптырмын. Дагы эле жакшы көрөт экенмин. Бирок... Кечире аламбы? Албетте, жок. Кегимди алсам болот. Экөөнөн тең. Эми бардыгын ойлонуп жасаш керек!" Арсендин көкүрөгүндө Бегимай менен мындан 3 жыл мурун ажырашкандан тарта таарыныч, сагыныч, жакшы көрүү, көңүл калуу аралашкан түпөйүл ой жүрөт. Ал ой аны дайыма кыйнап келген. Көкүрөгү оорлоп, кысыла берчү. Оор-оор дем алып, ошол түпөйүл, түшүнүксүз нерсени чыгарып салгысы келет. Бирок ал чыкчудай эмес. Кегин алганда гана жеңилдечүдөй. Арсен ызалангандай муштумун түйүп алды. Өткөн күндөрү шурудай тизилип көз алдына тартыла баштады.

ххх

Анда ал Бегимайды жан дили менен жакшы көрчү. Кызда да жигитке болгон ошондой сезимдер бар эле. Анын көзүнөн эле жигит бардыгын окуп алган. Алар табышкандан тарта жайы бою күн сайын жолугушуп жүрүштү. Көрсө, ал эң бактылуу жай болгон экен. Ар бир күн кызыктуу эле.
– Мени бир аз көтөрүп алчы? Чарчап кеттим. Бийик така кийип алыптырмын.
– Мейли,- жигит кызды колуна алмакчы болду.
– Жок, мен сенин жонуңа минем.
– Эмне? Кой, ай!
– Эмне айырмасы бар, колуңа көтөрөсүңбү, жонуңа көтөрөсүңбү?
– Койчу, эл көрсө эмне дейт?
– Арсен! Бол!- кыз тамашалап өктөм сүйлөдү.
– Жок.
– Мени жакшы көрөсүңбү?
– Ооба.
– Кел анда!- кыз жылмайды. Арсен башын чайкап алып, бирок кыздын эркине көнүп, аны жонуна мингизди.
– Мен да сени жакшы көрөм,- деди кыз жигиттин жонунда баратып. Арсен жылмайып койду. Ал бактылуу эле.
– Сен жок болсоң эмне кылмакмын, ээ? Буттарым чарчаганда ким мени жонуна көтөрмөк?
– Тапмаксың да дагы бирөөнү.
– Жок. Таппайт болчумун. Сендей таппайт болчумун. Сага эркелегендей эч кимге эркелей албайм мен.

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№771 11-17-август, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Сенин сотуңа бир да тууганың келбеди да?..- Арсен Чыңгыздан сураганга аргасыз болду.
– Ким келмек эле? Атам кичинемде каза болуп калган. Апамдын өтүп кеткенине 4 жылдай болуп калды. Улуу агам бар. Ал үйгө өзү ээ болуп калуунун амалын көрүп мени кууп чыгып койгон. Аны менен таптакыр мамилем жок. Сен андан көрө айтчы, эмне иш кылабыз?
– Жашоо үчүн күрөшөбүз... Жүрү бир жерге барып тамак ичип отуралы. Жай сүйлөшөбүз.

ххх

Чыңгыз көптөн бери мындай даамдуу тамак жей элек болчу. Алдындагы лагманды заматта жалмап бүттү.
– Эми сүйлөй бер, досум,- деди анан стаканга куюлган Коланы ичип жатып.
– Чыңгыз, сен жакшы жашоодо жашагың келеби?
– Эмне кылыш керек, ошону айт!
Арсен бир топко чейин үндөбөй калды. Ичинен акыркы чечимин чыгарып жаткандай.
– Кыскасы... Биринчиден, экөөбүз бири-бирибизди эзели сатпайбыз деп убадалашалы.
– Эми сени сатсам Кудай да кечирбейт го...
– Экинчиси, бизге команда керек. Сен "балдар бар" деп жатпадың беле?
– Ал балдар Санжар деген аганын балдары, ошого иштешет.
– Сен да иштечү белең Санжарга?
– Мени чакырышкан. Анан ага кур кол барбайын деп тиги ишкерди тоноп жибергем да. Камалып кетпедимби. Сен чыгардың го...
– Сенден кабар алып туруштубу СИЗОдо?
– Ооба, "куру кол барбашым керек" деп тигини тоноп жибергенимди угушуптур. Санжар ага ыраазы болду дешти. Алар мени камалат деп ойлошкон. Түрмөдө орун даярдап, "смотрящийлерге" "кошо ала жүргүлө деп айтабыз" деп жатышкан болчу. Кудай жалгап сен чыгарып алдың.
– Алардын негизи салмагы кандай?
– Эми кандай десем... Санжар өз алдынча кыймылдаганга аракет кылып жатат. Жанында 4-5 ишенген баласы бар. Майда барат нерселер менен алектенип жүрүшөт. Уурулук, тономой дегендей...
– Курал-жарак барбы?
– Бир-эки тапанчасы болсо керек. Эми алар шаар ичинде эле кыймылдаган майда балыктар. Түрмөдө бирин-экин салмактуу зек достору бар. Ошого чиренишет. Негизи...
– Санжар өзү кандай неме?
– Мыкаачы, ач көз, бирок жигитче жүрө алган адам.
– Өсчүдөйбү?
– Мындай да, Арсен, ал анык каракчы. Алам, жутам, жейм деп турат.
– Пайдалансак болобу аны?
– Кантип пайдаланабыз?
– Чыңгыз, экөөбүзгө баары бир каракчы керек.
– Анда Ошко Санжарга барышыбыз керек.

ххх

Узак жол жүргөн Арсенге жакты. Терезеден сыртты тиктеп келе берди. Мээсинен саамга Бегимайы өчө түштү. Көз жолго алаксып баратат. Алдыда белгисиздик. Бирок ошол белгисиздик Арсенге да, Чыңгызга да шык берип жатат. Алдыда баары сонун болот. Сонун кылабыз деп ишенип алышкан, бирок алдыда далай сыноо, далай чукул бурулуштар турган. Алар аны али аңдаша элек.

ххх

– Качан барабыз Санжарга?
– Алар кечинде батирине келишет. Ошондо барабыз. Ага чейин убакытты өлтүрүш керек. Азыр мен сага сонун самса алып берем, жүрү.
Экөө кечке чейин Ошту кыдырышты. Керемет шаар экен. Берекелүү. Арсенге эмнегедир бул жактагы адамдар бактылуудай сезилишти. Пейилдери да кенен сындуу.

ххх

– Ким?- эшиктин ичинен үн чыкты.
– Мен, Чыңгыз. Нурдин аке, ачыңыз...
– Чыңгыз? Кайсы Чыңгыз?
– Иниңиз, аке.
Эшикти Чыңгыздан бир-эки жаш улуу, олбурлуу келген, кара каштуу, бою узун жигит ачты.
– Э-эй, сен кайдан? Качан чыктың? Кабарлап койбойсуңбу?
– Сюрприз кылайын дедим. Санжар аке барбы?
– Бар. Киргиле үйгө.
– Бул жак менин досум.
– Кире бер, анан таанышабыз.
Батир 3 бөлмөлүү экен. Ашканада кимдир бирөө тамак жасап жүрөт. Конок бөлмөдө диванда кара торусунан келген чымыр денелүү, адамды тик караган курч көз караштуу 25терге чамалаш жигит отуруптур.
– Эй, Чыңгыз, сен кайдан?- деди тиги жигит болор-болбос жылмайып, ордунан тура берип.
– Кандайсыз, Санжар аке? Келип калдым ушинтип.
– Салам алейкум,- Арсен кол сунду.
– Валейкум,- деди тиги жигит Арсенге тик карап. Тиктеше түштү экөө.
– Отургула,- Нурдин дегени буйругансып сүйлөдү.
– Эмне болуп чыгып калдың? Кабарлашып да койбойсуң. Качан чыктың? Качан келдиң Ошко?
– Бүгүн эртең менен эле келдик. Бул дос балам экөөбүз, Арсен аты. Чыкканыма 2 жумадай болду. Эми биротоло сиздер менен болоюн деп келдим...
Санжар сынагандай Арсенге карады.
– Менин атым Арсен. Чыңгыз экөөбүз чогуу отурганбыз СИЗОдо. Чыкканда экөөбүз чогуу чыгып калдык. Анан татыктуу кишилер менен кыймылдайлы деп келдик бул жакка. Сиз жөнүндө Чыңгыздан укканмын...
– Эмне деп уктуң эле?- Санжар жай гана сүйлөдү.
– Сыйга татыктуу киши деп уккам.
– Экөөңөр кандайча чогуу чыгып калдыңар?
– Жок, чогуу чыккан жокпуз. Биринчи Арсен чыккан. Анан ал сүйлөшүп 7 миң доллар менен кийин мени чыгарды.
– Мм... Байдын баласы го дейм  бул?
– Жок, Санжар аке. Шоопурдун эле баласымын. Болгону жигитчиликти, достукту өйдө койгон кишимин.
– Аа, жакшы,- Санжар кашын өйдө көтөрүп олуттуу сүйлөп койду. "Бул өзүн мафиози сезип алган го" деп шылдыңдады аны ичинен Арсен. Бирок мына ушул өзүн укмуш сезип, көз карашы менен ички дүйнөңдү да аңтарып коём дегенсип теше тиктеп кыйынсына отурган, акылы бөксө эле, бирок каракчылык жөндөмү бар киши Арсенге өтө керек. Жигит муну билип турду.
– Лиза, тамак даяр болдубу?- Санжар ашканага карап орусча сүйлөдү.
– 5 минут,- ашканадан кыздын үнү чыкты.
– Силер калың кийимиңерди чечип, колуңарды жууй калгыла, чай үстүндө сүйлөшөбүз,- Санжардын бул сөзүнөн кийин Арсен менен Чыңгыз жуунуучу бөлмөгө кирип кетишти.

ххх

– Азыр сен периште көрөсүң,- деди Чыңгыз колун жууп жатып.
– Ал эмне дегениң?
– Лиза деп жатпайбы, ошол кызды айтам. Чүрөктөй кыз. Орус өзү. Бирок ушунчалык сулуу дейсиң, шилекейиң агат.
– Биз экөөбүз кызга келген жокпуз, досум.
– Жок, мен жөн гана айтып жатам. Бирок ал кызды көрсөң сен деле катып каласың, чын.
Жуунуучу бөлмөдөн чыкканда орус улутундагы кыз чай куюп жатыптыр. "Бегимайчалык сулуу болду бекен?" жигиттин мээсине ушул суроо такалды. Санжардын бет маңдайына отуруп жатып кызды тиктеди. Мурду кырдач келген, көздөрү бажырайган, жүзү апакай болгон, назик, арык кыз экен. Жашы ашып кетсе 17де. Койкоюп отурганы да жарашыктуу. Жапжашыл каректери көркүнө көрк кошуп тургандай. "Бирок... Бирок Бегимайга жетпейт экен" деди Арсен өзүнчө. Чыңгыз сугалактык менен Лизаны баштан этек тиктеп жатты.
– Кандай, Чика?- деди Лиза ушул тапта.
– Жакшы, Лиза, өзүңчү?
– Баягыдай эле, баары сонун. Тамактан алгыла.

ххх

Ортодо аш желип бүткөн соң Лиза көк чай алып келди. Кыз Санжардын чөйрөсүн жакшы билет.  Мына бул ак жуумалынан келген, узун бойлуу жигитти ал мурда көрбөптүр. "Жакшынакай жигит экен" деп койду ичинен. Лиза дайым ушинтет. Ал адамдын жүзүн, келбетин карап жакшынакай же анча эмес деп өзүнчө жыйынтык чыгара берет. Мисалы, кыздын оюнча Санжар анча деле эмес, бирок ал боорукер. Балдар үйүнөн качып чыккандан кийин, ал талаада калганда мына ушул Санжар аны өз үйүнө алып келип, кам көргөн. Азыр да кам көрүп келатат. Каалаган кийимин алып берет. Экөөнүн ортосунда эч кандай сезим жок. Бирок алар бир төшөктө жатышат. Сүйүү болбосо да экөөндө бири-бирине болгон сыйы бар сыяктуу. Антсе да Санжар дайыма Лизага "Менден эч нерсе үмүт кылба, мен сага сүйүү бере албайм. Жүрөгүм таш болуп калган. Кайсы бир күнү бирөөнү жакшы көрүп калсаң, ачык эле мага айт. Ошол замат сени коё берем" деп айтып келет. Санжар сөзүнө турат, муну Лиза билет. Кыз азырынча сүйүүгө деле кабыла элек. Бирок дайыма бир өзү жакшынакай деп эсептеген жигитти көрсө, балким, ушуну сүйүп калсам, анда дароо Санжарга айтып анын төшөгүнөн чыгып кетүүм керек деп ойлоно берет. Азыр Арсенди карап алып да ошондой ойлорго азгырылды. А эмне чынында эле келбеттүү жигит экен го, мүмкүн чын эле ушуга ашык болуп калаттыр.
– Чыңгыз, сенин келгениң жакшы болду,- ортодогу тынчтыкты, Лизанын ойлорун Санжардын сөзү бузду.
– Айттым эле го сендей жигитке жумуш табылат деп. Эми сөздүн кыскасы мындай, мен сага ишенем. Сен досуңа ишенесиң. Иштей бергиле. Бирок эгер мына ушул досуңдун туура эмес кыймылы боло турган болсо, сен мага өзүңдүн башың менен жооп бересиң. Мен туура эле түшүндүрдүмбү?
– Туура эле, Санжар аке,- Арсен Санжардын көзүнө тик карап сүйлөдү.
– А эгер Чыңгыздын туура эмес кыймылы болсо, мен алдыңызда өз башым менен жооп берем!

ххх

Арсенге жаңы жумушу жаккан жок, бирок айла канча. Ал өзүн ушул ыплас жолдон башка жол жок, ушул жол менен гана барып кегиңди алып, көксөөң сууйт деген ойго түртүп, биротоло ишендирип салды.
Күн алыс Чыңгыз менен Арсен майда-чүйдө өндүрүш менен ишкерлик кылган бир нече адамга барып кайтышат. Алардан алганы деле арзыбаган акча. Санжар аны күнүмдүк керектөөлөрүнө пайдаланат. Кыязы тигилерди коркутуп моюнуна жүктөп койгон окшойт. Кечкисин уурдалган унааларды тетиктерге чачыратып, бөлгөнгө жардамдашышат. Түнкүсүн бир унаага жүктөп барып, сатып келишет. Кыскасы, жийиркеничтүү иш. Санжар чоңураак акча түшкөн жакты өзү тейлейт окшойт. "Ал нашаа сатат" деди Чыңгыз. Бирок Арсен өз көзү менен көргөн жок. Көнүшүп тигилердин ишеничине киргенче жигит үндөбөй жүрдү. Акыры бир күн чай үстүндө отурганда Санжарга карап сөз баштады. – Санжар аке, чоңураак иш баштайлыбы? Менде сунуш бар.
– Эмне сунуш?
– Келиңиз, легалдашабыз.
– Ал кандай дегениң?
– Мыйзамдуу иш кылабыз. Мыйзамдаштырабыз баарын. Минтип унаа уурдамай, тономой дегенден алыстайбыз. Түрмөдөн алыстайбыз кыскасы. "Санжар жана Компания" деген фирма ачабыз. Болгону бир эле чоң балык кармайлы. 150-200 миң доллар куса турган...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Жүрүгүлө...- Болуш Арсен менен Бегимайды үйүнө киргизди.
Үй чынында эле керемет болчу. Кыз менен жигит мындай үйлөрдү Голливуд тасмаларынан көрүп жүрүшчү. Италиянын эмеректерине толгон, көркөм жасалгаланган үй ичин көргөндө Бегимайдын көздөрү жайнай түштү.
– Аруужан?- Болуш кимдир бирөөнү чакырды.
– Оу,- экинчи кабаттан үн чыкты.
– Үйгө меймандар келишти...
– Азыр.
Күрөң түскө боёлгон, жаңгак дарагынан жасалган тепкич менен 35-40 жаштарга чамалуу айым түшүп келди.
– Бул Дуулат байкенин уулу Арсен, а бул?..
– Бегимай...- кыз озунуп жооп берди.
– Ооба, Бегимай. Арсендин досу...- "досу" деген сөздү Болуш баса айтты.
– А бул менин жубайым Аруужан... Чай коё калчы, алтыным. Арсен экөөбүз абдан чарчадык.
– Азыр... ашканага кире бергиле,- Аруужан ашкана тарапка жаңсап койду.
– Орун алгыла. Азыр баары даяр болот,- Болуш тим эле сыйлуу конок күтүп жаткандай.
– Сен Дуулат байкеге эч окшобойт экенсиң,- сырттан кирген Аруужан Арсенге карап сүйлөдү:
– Апаңа окшош окшойсуң, ээ?
– Билбейм...
– Дуулат байкенин бою кыска го. Сен узун бойлуу, ак жуумал жигит турбайсыңбы.
– Бирок унааны экөө бирдей эле айдайт экен,- Болуш бул сөздү "ак жуумал болсо эмне экен, баары бир айдоочунун баласы да" дегенсип айтты.
Бегимай бул учурда жомокко түшүп калгандай, үйдөгү ар бир эмерек, ар бир буюмду кызыгуу менен карап жатты. Болуш ичинен жымыйып койду. Дагы бир аз мактана түшүшү керек. Аруужанга сүйлөмүш болду.
– Унааң эмне болуптур?- деп сурады андан.
– Бир жуманын ичинде келип калат го...
– Кызык эле экенсиң...- Болуш Арсен менен Бегимайга карап түшүндүрүп баштады:
– Жеңеңердин Лексусу бар болчу. Өткөндө иниси үйлөнсө "сюрприз" деп тойдо отурган жеринен белек кылып салды. Мага да айткан эмес. Элдин баарын шок кылды. Эми Дубайдан кайра унаа алдыртып жатат.
Кыз-жигит да жылмайгандай болушту. Бирок алар ичинен "кантип эле ушундай болсун?" деп ишенбегендей.
– Бегимай, сен окуйсуңбу?
– Ооба. Актриса болоюн деп жүрөм...
– Аа, жакшы.
– Арсен, сен канчанчы курс болуп калдың?
– Быйыл төртүнчү курс, буюрса.
– Архитекторсуң, ээ? Атаң "баламды сизге иштетем" деп айтып калат... Жакшы окуй бер. Бир кызмат таап берем,- Болуш бул сөзүн өзүнүн жана Арсендин даражаларын Бегимайга даана көргөзүү үчүн айтты. Анын сөздөрү дарегине кыйшаюусуз жетип жатты. Болуш муну байкап турду.
Чай ичилип бүткөн соң кыз-жигит сыртка жөнөштү.
– Жакшы калыңыздар!- Арсен дарбазаны жаап чыкты.
– Мда, керемет экен го,- кыз дале суктанып бүтө элек.
– Болду эми...
– Арсен, сен көрдүңбү? Жашаганга жараша ушундай жашаш керек!
– Арсен?- арттан үн чыкты. Болуш экен.
– Арсен, атаң эртең да чыга албайт болуш керек. Сен унааны айдап кет да, эртең эртерээк кел. Көлгө барышыбыз керек болуп калды,- деди.
– Вау, сонун болду. Мени бүгүн Гелендваген менен жеткиресиң...
– Чын эле сонун болду,- жигит кайра Болуштун үйүн көздөй чуркады. Заматта ал дарбазадан аппак Гелендвагенди жулкунтуп айдап чыга келди. Кыз да, жигит да бул учурда Болуш бардыгын атайын ойлонуп жасап жатканын билишкен эмес. Болуш үчүн майда-барат нерседен чоң нерсени жаратуу, мерчемдеген жумушунда ар бир майда бөлүккө көңүл бөлүү көндүм нерсе эле. Ал кыйыр түрдө Бегимайды багынтууну баштаган болчу.
– Так, сулуу, билесиңби азыр эмне кылабыз?- Арсен жанаша отурган Бегимайды кубана карады.
– Эмне кылабыз?
– Таң атканча унаа айдайбыз!
– Ур-раа!
Гелендваген кечки Бишкектин көчөлөрүндө зымырап баратты. Унаанын салонунда акыркы убакта хит болгон чет элдик ыр дүңкүлдөп чыгып жатат. Анын ыргагына кыз-жигит бийлеп алышкан. Унааларды кыйгап өтүп, зуулдаган Гелендваген акыры шаар четиндеги эгин талаанын четине түндө келип токтоду. Асман толо жылдыз.
– Ушул унаа экөөбүздүкү болсо, ээ?
– Сонун болмок.
– Мен сенин жонуңа минип жүрбөйт элем...
– Ал деле сонун нерсе го?
– Сонун нерсе, бирок Гелендвагенге жетпейт.
– Жок-жок, сулуу, сиз темир менен сезимди аралаштырбаңыз... Мен сени жонума мингизип эркелеткеним – бул сезим, ал ырахат тартуулайт. Ал кубанычтуу мүнөттөр. А бул... Бул деген жөн эле бир жерден экинчи жерге ташый турган каражат. Жөн эле унаа.
– Жөн эле унаа эмес. Бул Ге-ленд-ва-ген!
– Албетте, кооз унаа. Бирок унаа эле... Дос эмес, сүйгөнүң эмес, тууганың эмес. Эч нерсе бере албайт. Ташыганы эле болбосо...
– Эмнеге эч нерсе бербейт? Ишенимдүүлүк, жакшы маанай, керек болсо бакыт да бериши мүмкүн. Муну айдаганда жыргап бактылуу болуп кетип жатпайсыңбы.
Арсен кызды бир саамга таң калгандай карап калды.
– Келчи, рулга отурчу,- деди анан ал. Кыз шып эте рулга отурду. Анан от алдырып, буудай талаа менен айдап жөнөдү.
– Вау, карачы кандай сонун!- Бегимай кыткылыктап күлдү.
– Эми, Бегимай, оюңда эмне болсо ошону айт. Мен таарынбайм. Менден баш тартат белең ушул унаа үчүн? Карачы чынында кандай сонун унаа! Эмне деген акча турат...
– Мен анчалык жинди эмесмин, Арсен!- Бегимай эми гана жигиттин үнүндө кандайдыр бир таарыныч бар экенин байкады.
– Алмашпайм сага. Сенсиз жинди болуп кетпейминби...- кыз талаанын ортосуна келип токтоду.
– Жүр сыртка!- жигит эшикти ачып сыртка түштү да, машинанын капотуна чыгып, андан кийин унаанын үстүңкү бөлүгүнө чыгып, буттарын маңдайкы терезеден салаңдатып отуруп алды. Бул мен үчүн эч нерсе эмес деген ишараты болчу Арсендин.
Кыздын ичке билектеринен тартып унаанын үстүнө аны да отургузду.
– Карачы эмне деген керемет!- деди жигит жылдыз толуп турган асманды тиктей.
– Вау...
– Мына ушуга чын дилден "вау" дегенге болот. Гелендвагенге эмес.
– Сен эмне мага таарындыңбы, Арсен?
– Кайсы бир убакта материалдык байлыкка азгырылып кетчүдөй көрүндүң. Анан чын эле атамдын шефи "сага ушунун баарын берем, Арсенден кет" десе эмне кылат болду экен деп ойлонуп кеттим.
– Мен байлыкка азгырылчудай көрүндүмбү?
– Ооба.
– Сени таштаппы?
– Ооба.
– Могу темир үчүнбү?- кыз ачуулангандай буту менен капотту тээп койду.
– Ай, антпе, төлөп калбайлы...- Арсен чочуп кетти.
– Мен антпейм, Арсен. Чын. Мен болгону суктана турган нерсеге суктанып коём. Мейли, ал гүл болобу, Гелендваген болобу, үй болобу, сулуу жигит же кызбы... Суктана тургандай болсо сезимимди жашырбайм. "Ай-ий, сонун экен" дейм. Бирок сага алмаштырбайм,- Бегимай Арсендин көзүнө тик карады. "Бул көздөр алдабайт" деди Арсен ичинен. Эреркеп кетти. Кызды эриндеринен өөп жиберди. Экөө ыргалып бышкан буудай талаанын ортосунда Гелендвагендин үстүндө отуруп алып өбүшүп жатышты. "Кино үчүн керемет кадр болмок экен" деди Арсен өзүнчө...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№770 4-10-август, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кандайсыз?- окуу жайдан чыгып келе жатып Бегимай Болушка телефон чалып эркелей сүйлөдү.
– Жакшы, алтыным, өзүңчү?
– Жакшы. Бүгүн келесизби?
– Аракет кылам, ээ?
– Келиңизчи, сагындым же мен сизге барайынбы?
Кыздын эркелиги жагат Болушка. Азыр да анын кылыктарына көңүлү жылып кетти.
– Мейли. Мен азыр сага унаа жөнөтөм.
–Жок, мен такси менен эле...

ххх

Айткандай эле кыз аз өтпөй такси менен Болуштун кеңсесине келип түштү. Баягы жаш жардамчы шыпылдай аны тосуп чыкты.
– Жүрүңүз, шеф күтүп жатат...
Болуштун иш бөлмөсүнө келгенде да жардамчы шыпылдаган ийкемдүүлүк менен эшик ачмакчы болду эле Бегимай акырын гана "Мен өзүм эле, сиз сыртта тура туруңузчу" деп эшикти өзү ачып кирип кетти.
Болуш адаттагыдай өзүнүн хан тактыдай болгон кара отургучунда көз айнек тагынып, иш кагаздарын карап отурган экен. Кызды көрө сала көз айнегин ала калды. Ал ага жаш көрүнгүсү келет. Ордунан козголгуча кыз анын жанына жетип келди да, моюнуна асылды. Дароо эркелеп, анын тизесине отурду кыз. Пальтосун Болуштун алдында отуруп чечип баштады. Узун моюну, кылгыра караган кара көздөр, чачын аралаган назик манжалар делебесин козгоп жиберди Болуштун.
– Сизди сагындым...- кыз шыбырады.
– Сен мени акылымдан адаштырып тынасың го жакында, жаным...- кызды туш келди өпкүлөп жатты. Анан капыстан бир нерсени эстеп кеткендей телефонду алды да, катчысына "Мага эч кимди киргизбегиле!" деп бурк этти.
– Мейли,- катчы кыз жооп бергенче эле, телефонду коюп салды шефи.
– Эмне болду?- жардамчы катчыдан кызыга сурады.
"Эч кимди киргизбегиле" деди.
– Эмнеге?
– Билбейм. Күшүлдөп-бышылдап алыптыр.
–Аа...- деди жардамчы түшүнгөндөй. Жанындагы отургучка отуруп жатып "Деги жүрөгү кармап калбаса экен" деп күбүрөнүп койду. Катчы кыз "бырс" эте күлүп жиберди.

ххх

– Сиз мени сагынбапсыз?- кыз Болуштун жылаңач төшүнө жөлөнүп, таарынгандай сүйлөдү.
– Сагындым...
– Анда эмнеге келбейсиз?
– Жумуштар бүтпөй жатпайбы?- Болуш калп айтты. 1 жумадан бери кичүү уулу сыркоолоп жаткан, ал атасын жанынан чыгарбай койгон болчу. Балдары дегенде Болуш баарына даяр. Айрыкча кичүү уулун жанынан артык көрөт.
– Бир нерсе сурайынбы?- деди бир убакта кыз эсине бир нерсе түшө калгандай.
– Арсенди сиз эмне кылдыңыз?
– Аны эмне кыласың?
– Болгону ал бир бечара, сиз анын деңгээлине түшпөй эле коюңуз дейин дегем.
– Ал түрмөдө... Анын деңгээли ошол!
Кыз үндөбөдү. Ичи ачышып чыкты. Бирок бир нерсе десе, Болуш ачууланып кууп чыгып коёбу деп коркту. Бегимай куулуп чыккысы келбейт. Ага бардар жашоо жагып жатат.

ххх

Арсенди дагы сотко алып келишти. Эмнегедир атасынын көңүлү куунак экен бул күнү. Сот башталарда атасы темир торго келип жигит менен учурашты да "Бүгүн чыгасың" деп көз кысып койду. Айткандай эле аны ошол күнү актап жиберишти. Арсен кубанган деле жок. "Кантип? Эмнеге?" деп бушайман болуп жатты.
– Эмнеге акташты?- деди ал кабак бүркөп.
– Сыртка чыгалы...
Бишкек түнөрүп жаткан экен. Сот имаратынын алды баткак. Көлчүктөр ылай, ага чагылышкан күңүрт булуттар, нымдалышкан аба Арсенди кысып жаткандай болду.
– Кандайча чыгарып жиберишти, ата?
– Берчүсүн бердик. 5 миң доллар.
– Аны кайдан таптыңыз?
– Үйдү саттым...
– Эмне?! Айттым эле го сизге, көп болсо 2 жыл отурам деп. Жөн эле койбойт белеңиз.
– Кантип түтөм камалганыңа? Эч нерсе эмес, акча табылат. Карыз алайын дедим. Бирок аны деле бериш керек болчу да. Сатканым эле туура болду.
– Ай, ата...- Арсендин ыйлагысы келип чыкты. Ак-Өргөөдөгү төрт бөлмөлүү, аппак үй эмнегедир анын көзүнө мээримдүү көрүнчү. Ал ошол үйдө чоңойду. Жүрөгүнө жакын болгон бир бөлүктү тарттырып жибергенине көкүрөгү ачышып жатты.
– Апамдар кайда?
– Азыр Ак-Өргөөдөн эле батирге чыктык. Сени чыгат деп бүгүн апаң, карындашың даярданып жатышат.

ххх

Батир 2 бөлмөлүү гана экен. Ичи да тар. Өз үйүнө кантип жетсин? Арсен бардыгына өзүн күнөөлөп жатты. "Бардыгын кайтарышым керек. Үйдү кайра кантип сатып алам?" Түн бир оокумга чейин уктабай жатты. Анан бир убакта чочугандай ордунан тура калды. Атасынын телефонун алып сыртка чыгып кетти. Чыңгызга чалышы керек. Ал күзөтчүлөрдөн жашырып СИЗОдо телефон көтөрүп жүрчү.

– Алло, Чыңгыз, кандай?
– Ким бул?- уйкусурап жооп берди Чыңгыз.
– Мен Арсен...
– Аа, чыгарыштыбы сени? Кут болсун!
– Рахмат. Чика, жумуштар менен чалып жатам?
– Саат 1 болуп калыптыр, эртең мененкиге чейин күткөнгө болбойт беле?
– Жок. Чика, уксаң... Биз бир иш башташыбыз керек болуп турат...
– Мен түрмөдөмүн, Арсен, унуткан жоксуңбу?
– Чыңгыз, сен балдар бар деп жатпадың беле?
– Арсен, ал балдарга кошулсаң, сен кайра эле түрмөгө келесиң. Түшүнүп жатасыңбы?
– Жашоо–күрөш, досум... Чыңгыз, мен чыксам үйү жок калыптырмын, элестетсең. Атам карызга батыптыр. Мени чыгарабыз деп үйдү сатышыптыр. Айтсаң, мен эмне, ушинтип эле байкуш болуп калышым керекпи? Анда жашап эмне кылам?
– Сабыр кыл, досум...
– Чыңгыз, кыскасы, мен сени жакында бошотуп алам. Байланышта бол! Тиги балдарың менен чоң иш жасашыбыз керек. Бирдин ичинен чыкпасак болбойт!
– Дос?..
– Мен эртең кимге байланышышым керек сени бошотуп алуу үчүн?
Чыңгыз үндөбөй калды. Арсендин үнүндөгү чечкиндүүлүк бир эсе ага дем берсе, экинчи жагынан чочулатып жатты. Бирок акыры ал тергөөчүнүн, прокурордун, соттун ысымдарын атап берди.
– Эмне кылганы жатасың негизи?
– Чыкканда көрөсүң! Жакшы укта!

ххх

– Ата, банктагы насыя эмне болду?- Арсен эшикте күнөстөп отурган атасынын жанына келип сурады.
– Алып барып бериш керек, үйдүн акчасы жок болуп кете электе. Бир эле жаап салбаса болбойт окшойт.
– Негизи үйдү канчага саттыңыз?
– 13кө эле. Арга жок болуп калды.
– Сизде ошондо 8 миң доллар барбы дагы?
– 7 миң бар... Анча-мынча карыздарды бердим.
– Мага ошол акча керек...
– Эмнеге?
– Бир досум экөөбүз ишкерлик кылганы жатабыз?
– Кой, эй, окууң эмне болот? Акчаны жоготуп алсаң дагы үй ала албай калабыз.
– Бир жолу мага ишенип көргүлөчү. Бир эле жолу.
– Жок, бербейм, болбойт!- атасы Арсендин оюн жактырган жок. Бирок жигит атасына жалдырап отуруп акчаны берүүгө көндүрдү.
– Мен үйдү кайра алам, көрөсүз,- деди Арсен кекенген үн менен.

ххх

Ай өткөн жок. Арсен сотко 7 миң доллар берип, Чыңгызды сот залынан бошотуп алды. Чыңгызда таң калгандан башка арга калган жок.
– Эмнеге?
– Сен коркок эмессиң, жигиттик сапатың бар, мыкты доссуң. Сендей адамдар, мендей адамдар башкача жашашы керек! Анча акчаны эмнеге менин боштондугум үчүн карматтың деген турасыңбы? Досум, акча табылат! Далай табабыз андай акчаны!- Арсендин бул сөздөрү Чыңгызды өрөпкүтүп жиберди. Ал үчүн жакшылык жасаган бул жигитке өмүрүн деле берип койгонго даяр болуп турду...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№766 7-13-июль, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Бул күндүн эртеси Болуш Арсенге унаасын айдатып Ысык-Көлгө барып келди.
– Эртең атаң өзү чыксын!- сапардан келген соң Болуш Арсенге буйрук менен сүйлөдү. Жолду катар кекеткенсип келген Болуштун эми туруп кыйынсына сүйлөгөнү жигитке жакпады. Бирок унчуккан жок. Унааны токтотуп, короодон чыгып кетти. Кызыгы бул күнү аны эч ким чай ич деп чакырган жок.
Болуш Арсен чыгары менен унаанын ичиндеги видеобайкагычты (видеорегистратор) алып чыгып, үйүндөгү иш бөлмөсүнө кирип, тартылып калган тасмага көз жүгүрттү. Дал өзү ойлогондой эле болуптур. Жаштар бир сыйра унаа менен шаар кыдырышкан экен. Андан кийин талаада отурушат. Унаанын үстүнө да чыгып кетишиптир. Анан акыры кызды үйүнө жеткирип барыптыр. Кыздын дареги керек болчу Болушка...

ххх

– Кызым, дарбазаны такылдатып жатышат. Карап койчу?- Сабира Бегимайга кайрылды.
– Баратам...- короодогу гүлдөрдү сугарып жаткан кыз дарбазаны көздөй басты. Эшикти ача калып эле дал болуп туруп калды. Жүздөн ашуун оролгон кыпкызыл розаларды илмийген бир жигит эптеп көтөрүп туруптур.
– Түшүнбөдүм?- деди Бегимай таң калып.
– Бегимай сизби?
– Ооба.
– Бул анда сизге. Ушул дарек көрсөтүлгөн.
– А ким берип жиберди муну?
– Болуш Сардарович. Муну айтпашым керек эле... Кыскасы, муну кармаңыз,- тиги жигит кыздын колуна ак конвертти карматты да, уруксат сурабай эле гүлдөрдү үйгө көтөрүп кирип кетти.
Кыз бөлмөсүнө кирип конвертти ачты. "Эң сулуу кызга... Бегимай, бул сага. Белек катары кабыл алып кой. Бардык суроолоруңа жооп таап берүүгө даярмын!" деп жазылыптыр катта. Телефон номуру жазылган. Анан конвертте кайсы бир банктын төлөм картасы жана анын сыр сөзү жазылган кичине кагаз да бар экен. Бегимай дендароо болуп туруп калды.

ххх

Кыз акыры чалмак. Болуш муну билген. Чоочун номурдан чалуу келгенде эле Бегимай деп болжолдоду. Жаңылбаптыр.
– Болуш байке, саламатсызбы?
– Саламатчылык.
– Бул Бегимай...
– Кандай, Бегимай? Иштериң жакшыбы?
– Жакшы. Сиз мага бүгүн белек жибериптирсиз. Бул ашыкча нерсе болуп калды. Сизге тиги төлөм картаңызды берип жиберейин. Мага мындан ары мындай белек берүүнү токтотуңуз деп суранам. Билесиз го, менин жигитим бар...- Бегимай бул сөздөрдү айтып жатып, эмнегедир жылмайып алды. Жан дүйнөсүнүн кайсы бир бөлүгүндө ал Болуштун бул белегине ыраазы болуп жатты. Бирок бул сезимди моюнга алгысы келбейт.
– Мейли, кечирип кой. Бирок белектерди кайра артка албайм. Пайдалана бер. Бул чын дилден чыккан белек.
– Жок, кереги жок. Жеткирип берем өзүм.
– Өзүңбү? Анда мен сага унаа жөнөтөм. Келсең, мен сага баарын түшүндүрүп бере алам деп ойлойм.
– Жок, унаа жөнөтпөңүз. Арсендин атасы...
– Сага башка айдоочу барат.
Аз өтпөй Бегимайдын үйүнө ак Гелендваген токтоду. Кыз бейкапар гана унаага отурду. Өзүнчө кубанып жатты. Эмнеге экенин өзү да түшүнбөйт.
Акыры унаа Бишкектеги жаңы курулган имараттын алдына токтоду.
– Болуш Сардарович сизди күтүп жатат,- деди орто жаштагы айдоочу. Бегимай кызарып толкунданып алган. Унаадан түшөрү менен кайдан-жайдан пайда боло калган шыпылдаган жаш жигит кызды ээрчитип жөнөдү. Имараттын үчүнчү кабатында өзгөчө жасалгаланган бөлмөдө Болуш отуруптур. Кызды көрө сала ордунан тура калды.
– Салам, Бема...- Болуш эркелете сүйлөдү. Жылмайып алган.
– Саламатсызбы?
– Кечирим сурайм. Дуулат байкеден башка айдоочу бошобой калып, анын өзүн жиберүүгө туура келди. Бирок байкашымча, силер бири-бириңерди тааныбайт окшойсуңар.
– Айдоочу Дуулат байке беле? Арсендин атасыбы?
– Мен кечирим сурайм. Башка арга жок болуп калды,- Болуш актанды. Бирок ал баарын атайын жасаган болчу. Анын чеберчилик менен койгон тузагына Бегимай өзү эле келип түшүп берди. Кантип түшкөнүн байкабай да калды.

ххх

Күндөр тездик менен өтүп жатты. Жай тез эле күзгө алмашты. Ноябрдын бүркөө күндөрү башталды. Эң ыңгайсыз күндөр. Ооба, Арсен үчүн ыңгайсыз күндөр болчу. Мындай суук күндөрдө сейилдеп кечке жүрө албайсың. Бегимай үшүп кетет. Үйүнө кетиши керек болуп калат. А Арсен аны эч эле коё бергиси келбейт. Албетте, акчасы болсо жылуу имараттын ичинде ысык кофе ууртап отурса сонун болмок. Бирок жигит азыр студент. Ашыкча акчасы жок. Анча-мынча үйлөрдүн чиймелерин чийип бир аз акча тапса эле кызды кинотеатрга же бир көңүл ачуучу жайга чакыра калмайы бар, бирок андай жумуштар да кайра-кайра чыга бербейт.
Ошол күнү да чөнтөгүндө жол кирелик эле акчасы бар болчу. Бегимайдын окуу жайына келип, аны күтүп отурду. Жок дегенде аялдамага чейин узатып барып, жүзүнөн сүйүп кеткиси келди.
– Кандай?- кыз бир убакта күлүп-жайнап чыга келди.
– Жакшы, жаным. Өзүңчү?- кыздын жүзүнөн сүйдү.
– Сонун! Бүгүн эмне кылабыз?
– Эч нерсе. Сени көргүм келип келдим. Бирок чынын айтсам акчам жок. Мынабу суукта сейилдеп да жүрө албайсың го...
– Адаттагыдай аялдамага чейин узатам дечи?
– Ооба.
– Кыш келсе экөөбүз таптакыр жолукпай калабыз го, ээ? Ноябрдын жамгырына эле ушунча жүдөдүк.
– Кышта деле келип турам ушинтип,- экөө жетелешип жөнөштү.
Аялдамада 3-4 кыз шыңкылдап күлүп ар кайсыны сүйлөшүп турушкан. Булар Бегимайдын группалаштары. Кыз алар менен баш ийкеп учурашты. Улам бир нерсени шыбырашып күлүп жатышты өзүнчө. Бир убакта кызыл пальточон сары кыз:
– Бегимай, келсең?- деп чакырды. Кыз-жигит алардан обочо турушкан болчу.
– Эмне болду, Саадат?- Бегимай группалаштарынын жанына барды.
– Сен бул жигит менен олуттуу эле сүйлөшүп жатасыңбы?- сары кыз шыбырады.
– А эмне болду?
– Эч нерсе деле эмес... Бирок мунуңдун акыл-эси соо элеби?
– Ал эмне дегениң?
– Бул жайы деле, кышы деле бир эле кроссовка менен жүрөт го. Кийимин алмаштырабы?- Саадаттын жанындагы кыздар "бырс" эте күлүп жиберишти...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg


Смотрите также


Войти



Опечатка?

Выделите текст и нажмите Shift+Enter.
И мы в ближайшее время ее исправим!

Главная Страница Контактная Информация Поиск по сайту Контактная Информация Поиск по сайту