Поиск

Молочные коктейли

Неоценимая роскошь

Неоценимая роскошь

Приготовьте напиток, который станет лучшим коктейлем по любому поводу.

Вы первый кто прокоментирует!

Американцы поставили запрет на молочный коктейль

Американцы поставили запрет на молочный коктейль

Американскими исследователями было выяснено, что молочный коктейль, который в состав включает арахис, мороженое, шоколад и молоко является вредным. Такой вердикт был поставлен из-за того, что количество жиров, содержащихся в напитке,...

Вы первый кто прокоментирует!

Лечебный коктейль

Лечебный коктейль

Молочный коктейль имеет сразу несколько достоинств, это насыщенный вкус и питание организма полезными веществами. Так приготовив коктейль с черникой и медом, Вы наполните организм витаминами и предотвратите появление простуды.

Вы первый кто прокоментирует!

Кыргыз китеп марат жанбараков коктейль


КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№767 14-20-июль, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Алардын бул шыбырашуусун Арсен угуп калды. Көкүрөгүн муздак шамал аралап, ыңгайсызданып кетти. Бут кийимин карады. Чын эле жайда кийчү жука чүпүрөктөн тигилген бут кийиминин эскилиги жетип, кемшийип калыптыр.
– Жинди!- кыз тигилерге кошулуп күлдү. Билмексен болуп жигитинин жанына келип турду.
– Эмне, силер түрлөп кийингендерди баалайсыңарбы, ээ?! Ар түрдүү бут кийими бар киши силер үчүн сыйга татыктуубу?! Силер деги дүкөндөрдөгү кооз кийинген манекендерди сүйүп калбайсыңарбы?!- Арсен өзүн кармай албай кетти.
– Жок, Арсен, сен туура эмес түшүнүп алдың...
– Эгер курбуларың айткандай бир эле кийими менен жүргөн жигит сага акыл-эси ордунда эместей көрүнсө, кел анда кол үзүшөлү? Сенин аларга кошулуп күлгөнүңө караганда, алардын оюн бөлүшөт окшойсуң да!- жигит ачууланып чыкты. Бул убакта тиги кыздар тез-тез басып кетип калышты.
– Кечирип койчу.
Бул кыз-жигиттин биринчи урушу болду. Жигит ызаланып калган экен. Кыздан биринчи автобуска түштү да, аны таштап кетип калды.
"Кайдасыз? Мен универдин жанындагы аялдамадамын..." Кыз шыпылдатып кимдир бирөөгө СМС жаза баштады. Жигитинин таарынып кеткенин дароо унуткандай.
Аз өтпөй аялдамага ак Гелендваген келип токтоду. Кыз ишенимдүү түрдө эшикти ачты, ага бардыгы көнүмүштөй. Арткы орундуктагы Болуш кызды күлө карап, анын жүзүнөн сүйдү.
Ооба, булардын Арсенден жашырынып жолугушуп жүргөнүнө көп болуп кетти. Арсендин атасы Дуулат да эч нерсени байкабай эле жүрөт. Шефинин оюнчугу болуп жүргөн Бегимай өзүнүн келини болчу кыз экенин ал али аңдай элек. Дуулаттын көзүнчө Бегимай менен Болуш Арсен деген атты айтышпайт, "тиги" деп тергешет.
А Бегимай болсо Болуштун торуна чырмалгандан чырмалып эле баратат. Арсенден кеткиси келбейт. Аны аяйт, жакшы көрөт... Бирок акыры барып баары ачыкка чыгарын билет. Арсендин атасынын көзүнчө эле ал акчага, белектерге, кымбат жашоого азгырылып кеткен. Баары кандай болуп кеткенин аңдабай калган.
Акылсыздык кылыптыр. Бир күнү болбосо, бир күнү Арсен "ата-энем менен тааныштырам" дегенде эле абийири төгүлгөнү жатат. Демек, окуянын аягы белгилүү. Арсен менен үй-бүлө куруу кыялы талкаланып бүттү. Бирок дале сыр билгизбей жигитинен кете албай жүрөт. Дуулат Бегимайды эзели жалгыз уулуна аял кылып алып бербейт. Уулун ушул кыз менен көрчү болсо кыздын бетине түкүрөрү анык. Эми кыз жок дегенде Болушту пайдаланып алышы керек. Кыз ушундай тыянак чыгарган. Бирок ал Болушту пайдаланганы жатабы же тескерисинче, Болуш кызды пайдаланабы, али белгисиз. Адатта Болуш эч нерседен уттурчу эмес эле...
– Эмне маанайың жок?- Болуш күлө карады.
– Тиги менен урушуп кеттим...
– Аа. Ошол элеби? Бош болсоң, жүрү, мени менен бир жакка барып келчи.
– Мейли.
Унаа зуулдап Түштүк Магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишиндеги көп кабаттуу элиталык үйгө келип токтоду.
– Жүрү.
– Кайда?
– Мен сага бир нерсе көрсөтөм.
Лифт менен тогузунчу кабатка көтөрүлүштү. Болуш ачкычы менен батирдин эшигин ачты.
– Кир.
– Эмнеге?- кыздын көздөрү тостоё түштү.
– Коркпо. Бул үйдү сатып алгам. Оңдоп-түзөп жаткан болчумун. Жакында эле бүттү, сага көрсөтүп мактанып коёюн дедим. Болуштун бул сөздөрүнөн кийин Бегимай жылмайып алып батирге баш бакты.
Үй чын эле мактангыдай экен. Заманбап үлгүдө жасалгаланыптыр.
– Төргө өт. Кандай экен?
– Сонун, Болуш байке! Буга толтура акча кетсе керек, ээ?
– Миллиондон көп,- Болуш жылмайып койду.
– Конушуңуз кут болсун!
– Рахмат! Бир нерсе ичесиңби?
– Түшүнбөдүм...
– Вино, коньяк, виски...
– А жо-ок...
– Жаңы үйлүү болушум менен куттуктап кой да. Бир аз ууртап отур. Мына бул вино абдан сонун. Француз виносу, досторум ала келишиптир,- Болуш шыпылдап барып муздаткычтан ак шарапты алып чыга калды. Өзүнө бир аз коньяк куюп, кызга жарым-жартылай ак шарапка толгон кооз бокалды сунду. "Француз виносу" деген сөз гана Бегимайды азгырып кетти. "Кандай болот болду экен?" деди ичинен.
– Ийгиликтер үчүн эмесе!- Болуш коньяктан татып койду. Кыз шараптан ууртады. Чын эле жагымдуу даамы бар экен. Ал бул даамды эстеп калгысы келди. Улам ууртап коюп отурду. Керек болсо кайсы бир күнү курбулары менен отурганда "француз виносунун даамы жагат" деп татып көргөн киши катары мактанып жатканын да элестетип жиберди. Болуштун сөздөрүнө алаксып, аздан ууртай берип бир убакта кызымтал болуп калды.
– Уф, мен бүгүн таза абада бир аз дем алып, анан үйгө барат окшойм,- кыз алакандарын кызарган жүзүнө басып сүйлөндү.
– Барбай деле кой да...- Болуш кыздын жанына жакындап отурду.
– Болуш байке?
– Мынчалык жакын отурбаңыз! Сиз эмнени каалап жатасыз деген жатасыңбы? Сени каалап жатам, Бема. Биринчи көргөн күндөн тартып сага ашык болдум. Байке дейсиң... Ооба, байкеңмин, бирок сага ашык болгон байкеңмин. "Карыганда буга эмне болгон" деп жатсаң керек, ээ? Бирок 50 жаштын кырына келгенде сага ашык болуп, өзүмдү жаш жигиттей сезип турам. Баягы жаш кездегидей жүрөктүн дүкүлдөгөнүн, толкунданганымды, сенин жылмаюуңдан эле бактылуу болуп жатканымды ойлосом төбөм көккө жете түшөт. А сен менин махабатымды кабыл алар бекенсиң?
Бегимай мындай сөздөр кинолордо гана сүйлөнөт деп ойлоп жүрчү. Болушту карап катып калды. Ал күтүп турган жок. Бегимайды бекем кучактап, туш келди өпкүлөп баштады.
– Болуш байке, суранам! Токтотуңуз!- кыз кыйкырып жиберди.
– Бема, садагам! Сени жакшы көрөм!- Болуш токточудай эмес, туш келди өпкүлөп жатат. Бардык кыялыңды аткарам. Мендик болчу! Каалайсыңбы, эртең эле Дубайга учуп кетебиз! Ысык өлкөдө эс алып кайтабыз.
– Болуш байке...- кыз "жок" деп айта албады. Баш ийип берди. Кыял күлүк экен. Ойлор заматта Дубайга жетти. А денесин Болуш уйпалап жатты. Аруулугун ысык өлкөдөгү бир жумалык эс алуу үчүн арнап койду.

ххх

Бегимай Болуштан көздөрүн ала качып, жуунуучу бөлмөгө бет алды. Сууну шар агызып коюп, тизесин кучактап отура кетти. "Арсен, мени кечир! Мен..." кыздын көкүрөгү ачышып чыкты. Ал актангысы келди. "Мен башкача жашагым келет" акыры ушуну ойлоп тапты. Актануусу ушул болду.– Бема, садагам! Сен ыйлап жатасыңбы?- Болуш эшиктин сыртынан сүйлөдү. Билсең, мен сага ыраазымын. Сенин тазалыгың үчүн ыраазымын. Мени бактылуу кылып койдуң. Баса, мен Дубайга билеттерге буйрутма бердим.

ххх

– Азыркы кыздар эмне болуп баратат, түшүнбөйсүң?- Дуулат тамагын ичип жатып аялына сүйлөдү.
– Эмне болуп кетти?
– Шеф дагы бир куурчак таап алды. Жапжаш кыз. Аны ээрчитип алып Дубайга кетти бүгүн. "Аялы бар, үй-бүлөсү бар" деп деле ойлонушпайбы тиги кыздар?
– Заман ошондой болуп жатпайбы.
– Заманда кеп жок, кептин баары адамдарда... Алардын деңгээлинде...
"Адам деген адам да" Арсен аркы бөлмөдөн атасынын сөзүн угуп, өзүнчө ойлонуп кетти. "Адам деген сатылып кетет. Болгону баасын бычыш керек. Атам замандан бери эле ошентип келе жатпайбы. Демек, заманга да, адамга да кейибеш үчүн акчаңдын болушу шарт. Акчаң болбосо эң жакын көргөн адамың деле сени шылдыңдайт, таштап кетет..."
Жигиттин атасын кейиткен, жигиттин өзүн түркүн ойлорго түрткөн албетте Бегимай эле. Болгону ал кезде ата-бала бир эле адам тууралуу ойлонуп жатышканын аңдаша элек болчу...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№762 9-15-июнь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Арсен убакыт кеч болуп кеткенин байкабаптыр. Ак-Өргөөнү көздөй кетчү кичи автобустар көрүнбөйт. Таксиге түшүп кетейин десе акчасы жок. Атасына чалып көрүүнү чечти. Ал кээде жумушунан эрте чыкканда көчөдө унаасы менен эл ташып калчу эле.
– Ата, сиз үйгө кеттиңизби?
– Жок. Тынчтык менен Ахунбаевдин кесилишинде турам.
– Аа, ошол жерге тура туруңузчу. Чогуу кетели, мен көчөдө элем.
– Мейли.
Арсен жүгүрүп жөнөдү. Бир аз чуркаса, так ошол атасы айткан көчөлөрдүн кесилишине жетип калат.
Атасынын чарчаңкы жылмайганын көрүп, Арсен аны аяп кетти. Байкуш атасы эртеден кечке бир байды ары-бери ташыйт. Бошой калса дароо кызматтык унаасын токтотуп, өзүнүн эски, Арсен менен жашташ Фольксвагенин айдап кардар ташып баштайт. Эс тарткандан бери эле атасынын жаны тынганын көргөн эмес. Уулун жана кызын багам деп эртеден кечке жүргөнү жүргөн.
– Бүгүн кеч чыккансыз го?
– Ооба. Шеф бир тойго барып кеч чыкты. Үйдү көздөй бир киши ала кетип, бул байкушка бензин куюп коёюн дегем,- деди атасы унаасын карап.
– Киши чыкчудайбы?
– Жаңы эле бирөөнү Көк-Жарга таштап келдим. Ошонун акчасына бензин куябыз. Жүрү кеттик.
Атасынын унаасынын үнү да чарчаңкы чыгат. Ыкшоо от алган унаа Ак-Өргөөнү көздөй бет алды.
– Сиздин шефиңиз ким өзү?
– Бизнесмен. Болуш деген жигит.
– Сизден кичүүбү?
– 48де болуш керек.
– Анан эмне аны шеф деп алгансыз?
– Шеф болсо шеф да. Жашына карап шеф демек белең? Кызматына карайбыз да. Мага жумуш берип жатса... Баса, шефтин курулуш компаниялары бар. Окууңду жакшы бүт. Ошол жакка, буюрса, архитектор кылып киргизем.
– Анан мен да Болушту шеф деп калат турбаймынбы,- Арсен үшкүрүнүп койду.
– Эч нерсе болбойт. Колдон келсе ошол Болуштай болуш керек. 48 жашында миллиондорду чапчып жатат. Ага жаксаң жерде калтырбайт. Мына бизге мурдагы жылы бир бала келген. Казино, мейманканалардын долбоорун ошол ишке ашырып койду эле, азыр өзүнө жардамчы кылып алды. Айлыгын жакшы төлөйт. Жакын досторун аз-аздан каржылап депутат кылганга жетишти.
– Аларды эмнеге каржылады?
– Ээ, балам, кызыкчылыктар бар да. Өздөрүнүн ишкерлигине жардам болчу жолдорду ошол жактан мыйзамдуу ачтырышат. Бирөөлөрдүн тилин табышат дегендей.
– Негизи эмне бизнес кылат Болушуңуз?
– Толтура. Курулуш компаниялары бар, суусундук чыгарган ишканалары, гектарлаган жерлери, мал сарай, мейманкана, казино, сырттан азык-түлүктөрдү алып келген компаниясы... Дагы-дагы толтура.
– Аны эмне унаа менен ташыйсыз?
– Атайын Дубайдан бир жол тандабас алдырган, аппак. Ошону айдап жатам азыр.
– Эмне жол тандабас?
– Мерседес. Гелендваген... 2010-жылкы.
– Тууй ата... Анысын олчойгон акчага алса керек да, ээ?
– Баасын билбейм. Бирок мыкты машина! Тим эле үнүн укканда моокумуң кана түшөт. Күркүрөйт.
Ата-бала үндөбөй калышты. Бири уулунун күркүрөгөн жол тандабас айдап, жашоосуна тың, эл сыйлаган адам болушун кыялданса, бири назик кызды жанына отургузуп апакай Гелендваген менен күн батышты карай зымыраган жолдо баратканын элестетип алды. Бул экөөнүн тең кыялдары ишке ашарын, бирок ал кыялдардын пайдасы, бактысы аз болорун анда али аңдаша элек болчу.

ххх

Арсен кучагында бышылдап уктап жаткан Бегимайды карап өткөн күндөрүн бүт эскерип жатты. “Максаттарга жетүүгө аз калды” деди анан ичинен кекенип. “Биринчи кадам ташталды. Эми бардыгын ырааты менен жасаш керек!” Бегимайдан ажырап, түрмөгө отуруп чыккандан кийин ал бардыгын муздак баш менен ойлонгонду үйрөнгөн. Кыялданганды токтоткон. Бегимайдын бүгүн капыстан жолугуп, кучагына түшкөнү чоң олжо болду.
– Арсен?..- кыз акырын шыбырады.
– Оу.
– Биз эмне кылып салдык?
– Мен сени жакшы көрөм, билесиң го.
– Арсен... Кайдан пайда боло калдың? Сенсиз жашаганды үйрөнүп калбадым беле? Эми кантем?- кыз муңайыңкы жылмайды. Үнү каргылданып чыкты.
– Жашайсың баягыдай эле. Эч ким эч нерсе билбейт.
“Болуштан кет. Экөөбүз чогуу качабыз” деген сөздү күткөн Бегимай. Бирок Арсен антип айтпайт. Ал сезимдерин башкарганды үйрөнүп алган.
– Кой, мен үйгө барайын...
– Болуш үйдөбү?
– Анын сага эмне кереги бар?
– Негизи сурадым.
– Жок. Ал үйгө күн алыс келет,- деди Бегимай футболкасын кийип жатып.
– Бир күн аялыныкында, бир күн сеникинде?
– Ооба...
– А сен анын канчанчы аялысың негизи?- Арсен табалагандай сүйлөдү.
– Антип сүйлөбөчү. Мага катуу тиерин билесиң го...
– Сен керек болсо анын аялы да эмессиң, туурабы?
– Ооба, токолумун! Жетиштүүбү?!
– Жөнчү, таарынбачы. Билесиң го, менин бетке айтма мүнөзүм бар. Мен жөн эле тактап жатам.
– Жакшы кал!
– Телефонуңду таштабайсыңбы?
– Жок!- кыз эшикти тарс жаап чыгып, өз унаасына отурду. Арсен шашып калды. Шапа-шуп рулга отурду да, кыздын унаасын ээрчий жөнөдү.
Ак Гелендваген Тынчтык проспектиси менен Түштүк магистралы кесилишкен жердеги элиталуу көп кабаттуу үйгө келип токтоду. Бегимай унаасынан түшүп жатып, Арсен да өз унаасы менен артынан келгенин билди.
– Эмнеге келдиң?!- деди ал жигитти жаш толгон көздөрү менен карап. Ал ыйлап келе жаткан.
– Жөн эле.
– Бар кет!- кыз бурулуп басып кетти. Эмнеге ыйлап жатканын өзү да түшүнгөн жок. “Эмнеге ыйлайм? Баары бүтпөдү беле? Эмне экен токолу болсом? Токол деген аты болбосо, жетиштүү жашоодо жашап жатам. Үстүмдө үйүм, унаам бар. А сен ушунун баарын бере алат белең? Кайдан жолуктум сага?” Кимдир бирөөгө ичинен жинденип алды. Лифтти күтүш керек. 9-баскычты басты. Ошол кабатка көтөрүлүш керек. Мындайда лифт да каалгып калат. Эшиктер эки тарапка жайма-жай ачылды. Дал ушул учурда Арсен кайдан-жайдан пайда болду да, кызды лифтке түртүп киргизип, эшиктер жабылар менен аны эриндеринен өөп жиберди.
– Турчу ары!- кыз Арсенди жинденип түртүп жиберди. Жигит кайра бекем кучактап, өпкөнгө аракет кылды.
– Жоголчу! Турчу ары!- бирок жигиттин уга турган түрү жок. Ал улам катуураак кучактап, кызды туш келди өпкүлөп жатты.
– Арсен! Арсе-ен! Жогол...- кыз сөзүн айтып бүтө электе жигит анын эриндерине кайра жабышты. Эмнегедир ушул учурда кыздын ачуусу башынан ашып жатканына карабай, жигитке болгон каалоосу ойгонду. Сагынычын жазгысы келди, шыбырашкысы келди... “Болуш бүгүн келбейт эмеспи” деди
ичинен анан.
– Сен жиндисиң,- деди ал жигиттен башын буруп. Арсен коё берчүдөй эмес.
– Сенсиң жинди кылып жаткан!
– Коё бер!
– Бошонуп ал!
– Жинди!- кыз жумшак алакандары менен жигитти жаагынан тартып, эриндеринен берилүү менен өөп баштады. Булар өздөрүн токтото албай калышты. Лифт дың эте тогузунчу кабатка келгенин билгизип бир топтон бери турган. Эшиктер ачылып турганына карабай, эриндеринен ажыратса эле бир нерсе жоготчудан бетер экөө тең эч нерсеге көңүл бөлбөй өбүшүп жатышты. Бир убакта кыз жигиттин булгаары кара күрмөсүнүн бир бурчун бекем кармаган бойдон бери жылды да, батиринин эшигин ачты. Арсенди коё бергиси келбегендей... Жигит болсо ага баш ийип берди. Бөлмөгө кирер замат эле кийимдер туш келди ыргытылып баштады...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Көп өтпөй Арсен балмуздак көтөрүп келип калды.
– Биринчи жолугушуу үчүн,- деди жигит. Экөө балмуздактарын шарап толтурулган чөйчөктөрдү кагыштыргандай кагыштырып коюшту.
– Бирок бул экинчи жолугушуу да?
– Кандай десем... Биринчи жолугушуу кокустук болгон да. Ал эсептелбейт. Ал эми бул жолугушуу келечекке жакшы нерселерди максат кылган жолугушуулардын биринчиси.
– Оо... Анан кандай жакшы максаттарыңыз бар?
– Биринчи максат – сизге жагайын деп жатам. Акчам да, унаам да, батирим да жок экенине карабай.
– Экинчиси?
– Биринчи максатка жетмейинче экинчисин айтмай жок.
– Жеттим деп эсептеп коё бериңиз.
– Чынбы?
– Чын.
– Мага далил керек.
– Мына...- кыз жигиттин бетинен чоп эттире өөп койду.
– Бул далил жетиштүүбү?
Жигит саамга дендароо болуп туруп калды да, анан:
– Эми кандай десем, бетимден өөп койгонуңузга эле алдангым келбей турат чынында.
– Жок-жок, эриниңден өппөйм. Мен анчалык жинди эмесмин. Анын үстүнө бул биринчи эле жолугушуу.
– Экинчи жолугушуу,- жигит тактоо киргизе калды.
– Жакшы ойлорду максат кылган биринчи жолугушуу. Бул сенин сөздөрүң.
– Ка-ап...- жигит кейип калды. Бегимай кыткылыктап күлүп жиберди.
– Экинчи жолугушуу деп эсептей береличи?- жигит жалооруй карап жылмайды.
– Экинчи жолугушууда деле өбүшкөн туура эмес.
– Мейли. Андай болсо мен экинчи максатымды ачыктабайм.
– Сенин бетиңден өптүм го?..
– Ооба, бетимден эле. Эринимден өпсөң «ии, чын эле жагыптырмын. Биринчи максатка жеттим, эми экинчисин айтайын» демекмин.
– Жинди...
– Уккуңуз келеби экинчи максатымды?
– Жок ай, кызык эмес.
– Өзүңүз билиңиз.
– Сен эмне, мени ошончо жеңил ойлуу деп жатасыңбы?
– Эмне биринчи жолугушууда өбүшкөн жеңил ойлуулукпу?
– Ооба.
– Жок, андай эмес! Биринчи жолугушууда өбүшүү – бул менин чын эле сага жакканымдын далили. Эгер мен сага чындап жаксам, мени өпмөксүң...
– Өппөйм! Жаккан жоксуң, көп сүйлөйт экенсиң, өзүңдү укмуш акылдуу сезет экенсиң. Ал аз келгенсип акчаң, унааң, батириң жок экен.
«Биринчи максатыңа жеттиң, жактың» деп алдаптырсың да, ээ? Билге-ем...- Арсендин бул сөздөрүнө Бегимай күлүп жиберди.
– Ооба, алдагам. Андыктан жакканга аракет кыл.
– Алдамчы, куу экенсиң!
– Аа, сен мага ушундай сөздөрдү айтып жагайын дедиңби?
– Жагып эле турам сага.
– Өзүңө өтө ишенет экенсиң. Бул дагы бир минус.
– Жакпасам эмнеге жолугушууга келдиң?
– Мен бул жактан жөн эле өтүп бараткам. Сага келген эмесмин.
– Мени көрүп калып, анан алдап балмуздак жей кетейин дептирсиң да, ээ?
Кыз каткырып жиберди. Күлбөй коё албады. Мындай баарлашуу жакты ага. Тамашалар тамашага уланып жатты. Бул Бегимайдын тажрыйбасындагы биринчи кызыктуу жолугушуу эле. Адатта аны жолугушууга чакырган жигиттер өздөрүн идеалдуу көргөзгөнгө аракеттенип, жасалмалап сүйлөп, чоң киши болумуш болуп жатып эле кызды ирээнжитип жиберишчү. Арсен бардыгын бетке айткан, тамашакөй мырза экен. Ал кызга жакты. Муну Арсен деле сезди.

ххх

Арсен Бегимайды түн киргенде үйүнө узатып келди.
– Та-ак, Дуулатов, балмуздак үчүн, кызыктуу жолугушуу үчүн чоң рахмат!
– Сага да рахмат!
– Мен кирейин анда.
– Жакшы кал. Эгер эртең бош болсоң, анан жолугалы десең мен каршы эмесмин.
– Мен дагы каршы эмесмин,- кыз жылмайды.
– Мейли анда, жакшы укта!
– Сен дагы.
– Кир эми.
– Жакшы бар,- эмнегедир кыз кыйылып жаткандай колун сунду. Жигит Бегимайдын жумшак алакандарын кармап, коштошмокчу болуп аны жүзүнөн сүйдү. Кызда ушунчалык бир жагымдуу жыпар жыт бар экен.
– Каршы болбосоң, сени бекем кучактап алайынчы?- Арсен жылмая сурады.
Кыз жооп ордуна унчукпай гана күлүмсүрөп койду. Бул макул деген ишарат болчу. Жигит кызды аяр кучактады. Кандайдыр бир тынчтык пайда болду дароо. Жүрөктөрдүн түрсүлдөгөнү гана угулуп калгандай... Кыздын назик колдору Арсендин моюнуна оролду. Андан ары кыз да, жигит да кантип бири-бирин эриндеринен назик өөп баштаганын түшүнбөй калышты.
– Эми экинчи максатыңды айтасыңбы?- кыз жигитти бекемирээк кучактап, кулагына шыбырады.
– Экинчи максат – сени менен биринчи жолугушууда өбүшүү болчу.
– Жинди...- кыз күлүп жиберди.

ххх

Бегимай минтип үйүнө кеч келчү эмес. Аны баары күтүп жатышыптыр.
– Кайда жүрдүң?- апасы тынчсыздана сурады.
– Апа, аны сен экөөбүз эле отурганда айтайын,- кыз апасына көзүн кысып койду.
– Оо, жүр анда дароо эле ашканага. Жигиттер, биздин тынчыбызды алмай жок. Айымдардын чогулушу болот,- Сабира күйөөсү менен кайнатасына эскертип койду. Булардын үйүндө баары ачык-айрым. Мындай сүйлөшүү аларга көндүм эле нерсе.
– Анан?..- Сабира чай куюп жатып сүйлөдү.
– Чоң атамдын студенти жолугушууга чакырган, кыскасы.
– Эмне аны менен чоң атаң тааныштырды беле?
– Жок. Өзүбүз эле тааныштык. Менимче, жакшы жигит окшойт. Жасалмалуулугу жок, ачык-айрым.
– Кайсы жерлик?
– Анысын сураган жокмун. Ушу Бишкекте эле жашайт го.
– Анан ал сага жактыбы?
– Жакшы баладай көрүндү...
– Ата-энеси эмне жумушта иштешет экен?
– Апа, аларды сураган жокмун.
– Сураш керек. Жакшы жерге барыш керек.
– Мен эми ага тийип жаткан жокмун го.
– Ой, кызым, ар жак-бер жагын билгенче сүйүп каласың, анан мага окшоп бир томаякка тийип аласың.
– Атам томаяк эмес. Жашооңор жакшы эле го.
– Ооба, шүгүр деш керек. Бирок айлыктан айлыкка жеткириш керек деп үнөмдөп жашаган анчалык деле жакшы эмес. Колдон келсе, кызым, жакшы жердин баласына тийиш керек. Мына карачы, Бактыяр таякеңдин кызы байдын баласына тийди эле, эми өзү унаа айдап, жасанып алып жүрөт. Түркияга барып эс алып келишиптир... Ар жак-бер жагын карап эле тийиш керек экен.
– Оой, апа, сен драмалаштырып жибердиң, кандай жашоо болбосун ыраазы болуш керек да. Жакшы жактарын кара, мына атам кандай жакшы киши. Жоош, билимдүү, ичпейт...
– Мдаа... Кыскасы, менин кеңешимди уксаң ашыкча болбойт.
– Апа, «жакшы жерге турмушка чыгыш керек, колдон келсе бай жигитке жабышып туруп тийип ал» деген кеңештерди 11-классты бүткөндөн тарта айтып келе жатасың. Кулагым бышып бүткөн.
– Дагы угуп кой, ашыкча болбойт.
– Уф!- кыз таарынган түр менен чайын ичип баштады. «Балким, Арсен экөөбүз жакшы жашап кететтирбиз, тың жигит көрүнөт» деди ал ичинен...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№758 12-18-май, 2017-ж.

(Башталышы өткөн санда)

Ортодо ыңгайсыз жымжырттык пайда боло түштү.
«Даамдуу болсун!» деп официанттын кофе көтөрүп жетип келгени жакшы болду. Учурдан пайдаланып экөө тең көздөрүн бири-биринен ала качышты.
– Мен сенден кечирим сурагым келет. Билесиңби, ал учурда... Мен түшүндүрө да албайм. Болгону менин каалоом ошондой болду...
– Кам санаба. Менде сага эч кандай таарыныч жок. Эмне гана болбосун бардыгы жакшылыкка деп коёт го... Ким билет, балким, сен мени чанып кетпегениңде мен азыркы даражага жетет белем, жетпейт белем?
– Арсен, мен чынында сенин түрмөгө отурганыңды билген эмесмин!
Бегимай калп айтты. Болуш ага айткан.
– Эч нерсе эмес...- Арсен жылмайып койду.
– Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы? Окууңду бүттүңбү? Иштеп жатасыңбы?
– Бүткөм, бирок иштей элекмин...
– Аа... А мен сени сагыныптырмын, тентек,- деди Арсен олуттуу.
Кыз кызарып кетти.
– Антип айтканга болбойт. Мен эми бирөөнүн жубайымын. Баса, сен өзүң үйлөндүңбү?- кыз эптеп сөздү башкага буруп кетти.
– Жок! Ал жөнүндө ойлоно да элекмин. Убакыт-сааты келер. Андан көрө айтчы, сен мени сагындыңбы?- Арсен кайра сөздү өз нугуна алып келип салды. Кыз буйдала түштү.
– Сагындың, билем!- жигит өзүнө ишенимдүү сүйлөдү.
– Эмне экстрасенссиңби?
– Көздөр калп айтпайт.
– Сенин эмне дегиң келип турат?
– Жөн эле... Ичте болгон сезимимди сыртка чыгарып жатам. Сенин сезимдериңди окудум. Аларды эми азыр жашырганда эмне? Биздин тагдырыбыз баары бир бөлөк да. Ачык эле, табышмактатпай сүйлөшкөнүбүз жакшы го. Ким билет, биз дагы жолугабызбы, жолукпайбызбы?
– Жолукпайбыз! Мени күйөөм көрсө башымды жулат.
– Болгондо да мени менен көрсө...
– Айтпа!- кыз жылмайып алды.
– Жылмайганың сонун...
– Уялтпачы.
– Сонун сүйлөшүп жатабыз, ээ? Сагынышкан кишилердей...
– Болду эми...
– Мда-а...
– Эмне?
– Жөн гана өткөн күндү эстеп жатам. Биз анда жапжаш элек. Көп кыялдарыбыз бар эле.
– Сыртыңдан чечкиндүү, күчтүү жигиттей көрүнгөнүң менен, ичиңде таттуу түштөрдү көргөн назик жигит окшойсуң,- кыз кыткылыктап күлүп алды.
– Калп эле уялчаак болуп жаткан турбайсыңбы. Тентек бойдон эле экенсиң.
Кыз дагы күлдү. Анан экөө бир топко чогуу өткөргөн күндөрдөгү күлкүлүү окуяларды эстеп чер жазышты. Эскерүүлөр акыры келип Бегимайдын Болуш менен кеткенине такалмак. Кыз мунун алдын алды.
– Кой, эми мен басайын. Жакшы кал...- Бегимай өзүнө жарашкан назиктик менен ордунан козголду.
– Мейли! Жүр унааңа чейин узатып коёюн...
Эшикте күүгүм кирип калыптыр.
– Жакшы кал, Арсен!- кыз унаасынын жанына келип кол сунду.
Арсен унчукпастан колун алды.
– Жакшы бар, сулуу!- Бегимайдын колун коё бербеген бойдон сүйлөдү. Анан ал өзүнө ээ боло албай кетти. Кызды өзүнө тартты да, эриндеринен өөп жиберди. Кыз башын бурууга аракет кылды. Бирок Арсен карылуу экен. Аны кучагынан жылдырбай кармап алды. Жигиттин бекем кучагында ал канчадан бери көксөп жүргөн тааныш жыт бар эле. Ал аны магдыратып жиберди. «Жок, Бегимай! Жок!» анын жан дүйнөсү чыйпылыктап жатты. «Ким билет дагы жолугабызбы, жолукпайбызбы?» эмнегедир Бегимайды ушул ой жеңип кетти. Колдорун жигиттин моюнуна артты да, жанатан бери жашырып жаткан сагынычын сыртка чыгарып жиберди. Каршылык көрсөтпөстөн, тескерисинче, берилүү менен Арсендин эриндерине чап жабышып, кумарга жеңилип берди.
– Менин унаам караңгылатылган,- Арсен Бегимайга кумарланган үнү менен шыбырады.
– Сени сагыныптырмын...- жигит кыздын жообун түшүндү.
– Мына сага!- жана буларга кофе алып келген официант кара Гелендвагенге өбүшүүсүн токтотпостон түшүп кеткен кыз-жигитти кафенин терезесинен карап жатып суктана сүйлөндү. "Кашайгыр, терезесин караңгылатып койгон тура!" деп официант жигит нааразы боло түштү. А кара Гелендваген эки адамдын кумарын, сагынычын, шыбырашкандарын эч кимге көрсөтпөй, сырды сактай билген эң жакын дос өңдөнүп дале сүрдүү, дале ачуулуу кейпинен жазбай тура берди.

ххх

Бегимай менен мындан 6 жыл мурун табыштырган ал күн дале Арсендин эсинде. Түнү менен эки кабаттуу үйдүн макетин жасап чыккан. Ал келечектеги архитектор, 3-курста окуйт. Бир ишке берилип кетсе, бүтмөйүнчө жаны тынбайт бул жигиттин. Ал күнү да уйкуну жыйыштырып, таң агарганда өзү кыялдангандай особнякты жасап бүттү.
– Уф...- үшкүрүнө керебетине жатты. Өз ишине өзү ыраазы боло жылмайып алды. Анан ошол жылмайган бойдон уйкуга кете берди.
"Эй, сен эмне сабакка барбайсыңбы?" деген апасынын үнүнөн чочуп ойгонду. Шаша-буша саатты карады. 11:20. «Туй ата! Турсун агайдын сабагы эмес беле?! Өлдүм!» ордунан туруп тиш жуугуч пастаны щёткасына шыбап жатып кыжалаттанды...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Джи болсо эч нерседен кем болгон жок. Эрке-талтаң болуп чоңойду. Бой көтөрүп, анча-мынчаны теңине алчу эмес. Эмнени жашырайын, мен деле ошондой чоңойдум. Мектепте жалаң ушундай бардар үй-бүлөнүн балдары чогуу жүрчүбүз.
Антон, Лера жана мен мектепти эрте бүттүк. Түнкү жашоо башталды. Окуу жайга тапшырып койгонубуз менен, барчу деле эмеспиз. Джи мектептен чыкканда аны ээрчитип алып клубдарда эле жүрчүбүз. Өпкөбүз көөп, кутурдук. Джи мектепти бүтүргөн жылы Таиландга эс алууга жолдомо алдык да, кетип калдык. 15 күн эс алмакпыз. Балээнин баары ошол жактан башталды,- Сергей Жанарды карап оор үшкүрүнүп алды.
Бангкокто түнкү клубда эс алып жүрсөк, Антон «отелге кеттик» деп калды. Өзүнчө эле сырдуу. Мас элек. Отелге жөнөдүк. Барарыбыз менен эле Антон «мен силерге чыныгы жашоону көрсөтөм» деп кандайдыр бир таблеткаларды алып чыкты. «Экстази» экен. Анда эмне, бизде акча толтура болчу. Ар түрдүүчө эс алар элек. Бул кичинекей дарылар ошондой эс алуулардын катарында эле көрүнчү. Ага чейин деле татып көргөнбүз, бирок Таиланддагы таблеткалар төртөөбүздү жинди кылып салды. Эмне кылып жатканыбызды билбептирбиз. Эртеси кадимки суусаган кишилердей ошол таблеткаларга зар болуп турдук. Антон таап алып келди. Мен ал эмнеден жасалганын азыркыга чейин билбейм. Бирок биздин баңги болуп кетишибизге ошол таблеткалар таасир эткенин даана билем. Москвага келген соң төртөөбүз тең сайына баштадык. Башка «экстазилерди» тоготпой калдык. Таиланддагы таблеткалар берген таасирди бир гана героин бере алат экен. Адегенде ата-энелерибиз билген жок. Биз деле каалаган күнү баңгиликти токтотуп коёбуз деп ойлодук. Бирок биз байланып калганбыз.
Адегенде эле Леранын ата-энеси билип калды. Ал акчасы калбай калганда атасынын акчасын уурдаган экен. Үйүнөн качып, Антондукунда жашап калды. Кийин Джинин ата-энеси билди. Колдогу көк тактарды жашыра алмак эмеспиз. Кызын зордоп эле наркологиялык ооруканага алып барышты. 1 жумадан кийин Джи ал жактан качып чыкты да, баарыбызды өзүнүн атасы белек кылган батирине чакырды. Калтырап-титиреп болбой калыптыр. Келип сайындык. Төртөөбүз ошол батирде жашап калдык. Кулпуларды алмаштырып алганбыз. Джи ата-энеси келгенде аларды оозго алгыс сөздөр менен каргап жолго салды.
10 күн өтпөй акчабыз түгөндү. Бизге героин саткан грузин Ашотко Джи менен Лера денесин бир доза үчүн саткан күндөр келди.
Бир ирет Джинин атасы эңгезердей эки балага эшикти талкалатып туруп кирип келди да, кызын алып кетти. Дарылатмакчы болгон экен. Бирок Джи үйүнөн качып чыгып, милицияга «атам мени зордуктады» деп арыз жазып салыптыр. Ошондон кийин Мурат байке кызынан көңүлү калды окшойт, Джиге кол шилтеп койду.
Бирок апа деген түтпөйт экен. Джинин апасы Маржан эже кызына акча ташыганын токтоткон жок. Жалдырап ыйлап-ыйлап кетет. Сен ойлоп калба, ата-энебиз бизди токтотууга аракет кылган эмеспи деп, Антон да, мен да, Лера да наркологиялык ооруканага жатып чыктык. Ата-апаларыбыз бизди ур-токмокко да алышты. Бирок төртөөбүздө тең героинди таштай турган ниет жок болчу. Төртөөбүз өз дүйнөбүздө бактылуу элек. Ата-энебиздин күйүп-бышканына түшүнө алчу эмеспиз. Жинди экенбиз. Ата-апаларыбыздын үмүтү үзүлгөн жок дечи. Ойлоруна койсоң, бизди дүйнөнү түрө кыдыртып дарылатчудай, бирок биз өзүбүз баңги болгубуз келип туруп алды. Биз ушул жашоону тандадык.
Ошентип жүрө берип баягы 4 жиндиден акыры баарынын көңүлү калды. Джи менен Лера көчөгө сойку болуп иштегени кетишет. Антон экөөбүз аларды күтүп, калтырап-титиреп эшиктен көз албай отурчу элек. Алардын тапкан акчасы бүт героинге кетет. «Кой, мындайды токтотолу» деп бирөөбүз да үн чыгарбаптырбыз. Токтото да алмак эмеспиз.
Бир күнү көчөдөн түн ортосунда Лера жалгыз келди. «Джи кайда?» десек, бирөөлөр бир түнгө алып кеткенин айтты. Үчөөбүз сайындык да, бурч-бурчка бүрүшүп жатып калдык. Бирок Джи эртеси келген жок. Анын эртеси да сураштырып таба албай койдук. Арадан 1 жума өткөндө гана Антон «Джинин ата-апасына айтышыбыз керек. Ал өлүп калган болсо, бизден көрүшөт» деп чыкты. Барып болгонун болгондой айтсак, атасы үчөөбүздү тең милициянын колуна салып, каматып койду. Ал жактан көргөн азабыбызды айтпа. Денең героин талап кылганда сөөктөрүң бырчаланып сынып жаткандай эле болот. Тилиң сыртка чыгып, тамагың өрттөнөт. Тирүүлөй күйүп жаткандай эле болосуң. Менттер деле коркушту окшойт, аз-аздап ташып берип турушту. Аларга Джинин атасы катуу табыштаган экен.
10 күндөй милицияда жаткан соң бизди коё беришти. Аз эле жерден киши өлтүрдү деген күнөө менен кетип кала жаздадык. Кудай жалгап Джи тирүү калыптыр.
Аны таанылгыс кылып бирөөлөр сабап, шаар четиндеги таштанды челекке таштап кетишиптир деп уктук. Милициядан чыксак, Джинин атасы Мурат байке күтүп жатыптыр. «Эми менин кызыма жолобогула. Болбосо кайра каматам» деди да, колубузга 1-2 дозага жеткидей акча карматты. Джинин батирин болсо бекитип коюптур. Барарга жер жок калдык. Джинин кайсы ооруканага жатканын билбейбиз. Ошону менен 2 айдай өтүп кетти. Айла кеткенде мен өз үйүмө келдим. Аз өтпөй апам жүрөк оорудан каза болуп калды. Атам үйдү мага таштады да, «мени издебе, ушул жагына ыраазы бол» деп башка жакка көчүп кетти. Антон досум болсо бир үйгө уурулукка кирип соттолуп кетти. Лера дагы деле сойку болуп жүрөт.
Бирок мен Джи менен көп кабаттуу үйдө кошуна туруп, аны 1 жылдан ашыгыраак көргөн жокмун. Кабарын да биле албадым. Бир күнү таң атпай лифтке түшсөм, спорттук кийим кийип алып Джи турат. «Ээ, кандай?» деп эски тааныштардай учурашып, кучактап жибердим. Анын жүрөгү түшүп калды. Көздөрү алайып, «мага жакын жолобо!» деп бакырды.
– Эй, сага эмне болгон? Бул мен, Серж,- десем.
– Тааныбайм,- дейт.
– Кандай тааныбайсың? Мен сенин досуңмун,- десем да болбоду. Чын эле тааныбай калыптыр. Таң калдым. Ишене албай турдум. Мурунку жашоосун унутайын деген го деп ойлодум. «Жакын жолосоң, милицияга салып берем» дейт. Корктум. Оозумду ачып сүйлөй албай эле туруп бердим...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Лекция аяктап калган, дал ушул учурда Элизанын телефонуна СМС келди. Кыз телефонунун үнүн басаңдатып койгонду унутуп калган экен. Кат түшкөнүн билдирген чырылдаган үн аудиторияга жаңыра түштү. Эрлан кол саатын бир карап алып:
– Убакыт болуп калыптыр. Жигиттериңердин да чыдамы кетти окшойт. Баарыңар бошсуңар. Көңүл бурганыңарга чоң рахмат!
– Жок, бул жигитим эмес. Менин жигитим жок,- деди кыз актанган түр менен. Эмнеге минтип айтты өзү да түшүнбөй калды. Айтканын айтып алып, уурулугун карматкан кишидей кызарып кетти. Эрлан болсо жагымдуу жылмайып коюп сыртка бет алды. Катты болсо чынында эле Элизанын жигити жиберген болчу. Ооба, кыз калп айтты. Анын кызарып кеткенинин себеби да ушунда болсо керек. Окуучулук кезинен тарта сүйлөшүп жүргөн Азамат аттуу жигити бар. Бирок Азамат эмнегедир Эрландын фонунда акыркы убакта көрүнбөй баштаган. Элиза ар убак Эрлан менен Азаматты салыштыра берет. Эрлан бою узун, чырайлуу, билимдүү, орду менен сүйлөйт. Азаматчы?.. "Эх, ал дагы эле жаш баладай" Элиза ичинен улутунуп койду. Жигити "сенин универиңе келдим. Чык" деп жазып жөнөткөн экен. Кыз көңүлсүз сыртка жөнөдү.

ххх

Эрлан жумушу бүтөр замат сейил бакка шашылды. Окуу жайдан чыгары менен такси тосту да, айдоочуга "Түштүк дарбазасына айдаңыз. Колдон келсе тезирээк" деп арткы орундукка жайгашты.
Шаарда бул учурда тыгын башталат. Унаанын жүрүшү жайлап, айдоочулардын маанайы пас боло түшөт. Арткы орундукта бараткан Эрлан көчөдөгү адамдарга көз сала үнсүз келе жатты. Бир убакта өзүнө тааныш бир адамды көрүп калса болобу. Студенти Элиза экен. Кара-торусунан келген бир жигит менен жетелешип бара жатыптыр. Унаа ордунан козголуп барып дал ошол кыз-жигитке жанаша түшүп жол чыракты күтүп токтоп калды. Ары-бери жагын кыялдана тиктеп келе жаткан Элиза таксидеги таанышын, болгондо да акыркы кезде анын кыялын ээлеп алган Эрлан агайын көрүп чочуп кетти. Көздөрү тостоё түшүп ордунда туруп калды да, жигитинин колунан өз колун тездик менен тартып алды. Ал күнөөлүү кишидей бозоро түштү. Эрлан болсо аны карап алып жан дили менен жылмайып жаткан. "Көрдү!" деди Элиза ичинен.
– Эмне болуп кетти? Ким?- жигити кыздын кылыгына түшүнбөй калды.
– Байкем...
– Кана?
– Такси менен өтүп кетти...
Эрлан күлкүсүн токтото албай баратты. Чын, ага Элизанын азыркы абалы абдан эле күлкүлүүдөй сезилди. Ал өз оюнда кыз агайынан уялып, өзүн күнөөлүүдөй сезе түштү окшойт деп ойлоп койду. Ананчы, ал азырынча Элизанын ага болгон сезимдерин биле элек да. Билгенде делечи? Анын өзүнүн Айдайы бар эмеспи. Айдай... Айдай Эрлан үчүн периште, өзгөчө жан, анын жүрөгүн, жүрөгүн эле эмес, бүткүл акыл-эсин ээлеп алган карагат көздүү селки. Жигиттин жашоодогу максаттары, тилектери мына ушул кызга байланган. Эгер кыз Эрландын жашоосунан жок болуп кетсе, анда жигиттин түркүн түстүү боёкторго боёлгон ааламы заматта урап түшөрү турган иш. Бул бир караганда акылсыздык. Бир адамга мынчалык байланып алып, ал жоголсо кошо жоголуп кетүү деген акылсыздык эмей эмне?! Бирок сүйүү дегендин турпаты ушул эмеспи. Ал жүрөк менен акыл-эсти тирештирип туруп, бирок акыр аягында жеңишти баары бир жүрөккө берип салат. Сүйүү деген ушундай тентек сезим да.
Таксиден түшүп, сейил бакты аралай басып келди да, күндө келчү отургучка отурду. Айдайы менен жолугушчу жер ушул. Кыз ар убак бир аз кечигип келет. Эрлан бир чекитти тиктеген калыбында аны күтүп отурду. Бир убакта ал кыздын колдору анын ийинине коюлганын сезди.
– Берекем,- жигит кыздын алакандарынан шуу жыттап, өөп койду. Кыз адаттагыдай эле сулуу. Назик көйнөгү өзүнө куп жарашып, карагат көздөрү жадырап турат.
– Бүгүн унчукпайбыз!- кыз сөөмөйүн эриндерине тийгизди... – Кыялданабыз...
Анан ал жигитине башын жөлөй, көздөрүн жумду. "Кыялданабыз..." жигит да көздөрүн жумду... Ушул калыбында алар түн киргенче отурушту. Эмнелерди гана кыялданышкан жок. Үйлөнүү той, жөнөкөй турмуш, балдар, карылык... Кыялдарында бардык жерде экөө чогуу жүрүштү.
– Мен сени жеткирип коёюн...
– Жүр,- кыз жигитинин колунан алды. Анан алар бак аралай басып, жолго чыгышты. Жигит такси тосту. Жашы өтүп калган айдоочу эски унаасы менен келип токтоду.
– Мен өзүм эле кетем, ээ?- кыз жигитине эскертип койду. Эрлан баш ийкей айдоочуга кайрылды.
– Бул кызды айткан жерине жеткирип коёсузбу?
– Кайсы кызды?
Эрлан айдоочунун суроосун жоопсуз калтырды. Арткы орундукка кызды отургузду да, айдоочуга акча карматып басып кетти.
Айдоочу дендароо болуп, бир колундагы акчаны, бир басып бара жаткан жигитти карап тура берди. Анан арткы бош турган орундукту карап койду. Эч ким жок болчу...
Эрлан шаар көчөлөрүн аралай бактылуу жылмайып бара жатты. Ооба, азыр анын бактысында чек жок болчу. Жакында үйлөнөт... Андан соң аны Айдайы менен бактылуу жашоо күтүп турат. Ичинен ушуларды ойлоп келе жаткан Эрлан өзү жашаган көп кабаттуу үйгө кантип жеткенин да билбей калды.
Апасы ашканада күйпөлөктөп жүргөн экен. Эрландын келгенин байкай калып: – Оо, менин профессор уулум келди,- деди жылмая.
– Атам кайда?
– Сыртка чыкты сейилдегенге. Кандай, иштериң жакшыбы?
– Жумушум жагып жатат. Бул жагы жакшы. Студенттерим да сонун. Анан айлыгым аябай аз. Эч нерсеге жетпей жатат. Бул жагынан алганда иштерим анча эмес.
– Балам, "дарак бир жерден көгөрөт" дейт. Иштей бер, азыр бойдоксуң. Бара-бара баары болот.
– Ооба, бирок мен окуу жайда эмес, кайсы бир банкта же бир ишканада деле көгөрсөм болмок,- Эрлан ичтеги оюн сыртка чыгарып алды.
– Албетте, анда сонун болмок. Бирок жумуш табылышы кыйын болду го. Эми болуп калар. Азыр баары жетиштүү. Кам санаба. Андан көрө үйлөнүүгө камдан. Кыздар менен сүйлөшүп жатасыңбы?
Капыстан Эрландын телефону чырылдап калды. Белгисиз номур экен. Жигит апасынын акыркы суроосун жоопсуз калтырды.
– Алло!
– Саламатсызбы?- кыздын үнү угулду.
– Саламатчылык. Ким?
– Бул мен, Элиза. Студентиңиз...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

БИР ИРМЕМ...

(Башталышы өткөн сандарда)

Эрлан керебетинде бүрүшүп жатат. Бүгүн анын маанайы жок. Таң эрте медайым келип ага дары берди. Аны ичип бүткөнчө карап турду. Рита Мадиевна ага ошентип тапшырган экен. Ал дарыларды ичкен соң көңүлү айланып чыкты. Баарынан да ал эми гана өзүн оорулуу адам сезди. Ошол кичинекей тегерек дарылар ага чыныгы жашоого кайт дегендей чакырык ташташты окшойт. Өткөндө 8-палатадан чыккандан кийин да ал өзүнө келе элек болчу.
– Эрлан?- Айдай жигитти кучактап жанына жатты. – Балким, токтотобуз?
– Эмнени?
– Ушунун баарын. Мен кетейинчи?
– Кетпейсиң... Билесиң го, сен кетсең мен жашай албай калам.
– Жашайсың. Толтура адамдар сүйгөн адамдарына ошентип айтышкан. Жашай албайм дешкен. Бирок жашап эле жүрүшпөйбү. Мезгил дарылайт.
– Алар өздөрүн алдап жүрүшөт...
– Эрлан, сенин ата-энең кыйналып кетти. Токтотолучу муну?
Эрлан үндөгөн жок. Ооба, апасынын көз жашы кургай элек. "Токтотуш керек!" деди ал. Бирок азыр эмес.
– Токтотобуз! Бирок акырындап... Мен сага көнүп бүттүм. Дароо жан дүйнөмдөн сени чийип жок кыла албайм. Ачыгын айтканда, мен таптакыр эле сенден ажырагым келбейт.
– Билем...
– Билбейсиң. Билсең кетпейт болчусуң, билсең кайтып келет болчусуң... Жалдырап, чөгөлөп ыйлаганыма карабай жөнөп кеттиң. Сен билбейсиң, мен канча азап тартканымды?! Сага таптакыр эле жолукпай калсам эмне?! Сени көрбөй эле койгондо эмне?!
– Өкүнүп жатасыңбы?!
– Ооба. Мен кадимкидей эле, бардык адамдар сыяктуу жашап өтмөкмүн. Үйлөнмөкмүн, жумушка барып-келмекмин, жамандыкты, жакшылыкты көрмөкмүн, карымакмын, өлмөкмүн...
– Сен кадимкидей эле жашап жатасың...
– Жиндикана – бул кадимкидей жерби?
– Анан эмне өзгөчөлөр жаткан жерби?
– Кадимкидей акыл-эстүү делген адам жиндиканага келбейт. Бул жакка коомдон оолак, өздөрүнчө дүйнө ойлоп таап алган, ошол дүйнөсүнүн азап-тозогун тарта бергендерди жаткырышат. "Жинди болуп калыптыр" дешет. Мен мына жиндимин. Айдай деген жок адамды таап алгам.
– Мен бармын!
– Жоксуң, сени мен тапкам.
– Мен бармын!- Айдай ачуулуу түрдө керебеттен тура калды.
– Хе, мен өзүм жараткан нерсе мага каршы сүйлөп жатат!- Эрлан аргасыз күлдү.
– Мен бармын!
– Бармын дечи... Барсың, ооба. Бирок кайдасың?
– ...
– Мына мобул жердесиң,- Эрлан жүрөк тушун көрсөттү. – Бирок алыстасың. "Келбейм" дегенсиң. Кыргызстанда жашаш сен үчүн оор экен. "Күтпө" дедиң. А мен кантип үмүтүмдү үзүп коём? Күтө бердим. Күнүгө. Сагыныч жеп жатты. Билесиңби, сагыныч ичтен эзе берет, эзе берет... Акыры чыдатпай калат. Мен чыдабай калдым. Арга кеткенде сени ойлоп таап алдым. Келди, жолуктук, эми биз үйлөнөбүз деп өзүмдү ишендирдим. Башка дүйнө жаратып алдым. Жинди болдум. Эми жиндиканадамын...
– Андай болсо мени жогот да!- Эрлан Айдайдын элеси эмнегедир үрүл-бүрүл болуп кеткенин байкады.
– Жок. Азыр эмес... Сен мага керексиң!

ххх

– Эрлан кантип жатат?- Ракыя санааркай Рита Мадиевнага суроо салды.
– Жакшы, буюрса, жылыштар бар.
– Кененирээк айтып берчи... Санаам тынчыбай жатат...
– Ал азыр дары-дармектерин калтырбай ичип жатат. Ага бир аз шок терапиясын жасадык.
– Аның эмне?
– Кандай десем, аны чыныгы жашоого кайтарууга аракет кылдык. Ал жиндиканада экенин, анын ата-энеси санаа тартып жатканын түшүндүрүү үчүн ошенттик. Ал Айдайы менен дале сүйлөшүп жатат. Бирок Эрлан Айдайды өзү ойлоп таап алганын моюнуна ала баштады. Бул абдан жакшы. Санаа тартпаңыз, баары жакшы болот.
Ракыянын көңүлү жай ала түштү. Ал күн куру эмес уулун көрүүгө келет. Санаадан заматта карый түшкөндөй болду. Апасын көргөн сайын Эрландын жүрөгү жанчылат. Бирок ичинен "апам мени түшүнөт... Мен түшүндүрө алам ага" деп өзүн жооткотуп коёт.

ххх

– Эрлан, бүгүн да апаң келип кетти,- Рита Мадиевна Эрланды сынай карады.
– Ооба, мен көрдүм. Аны менен сүйлөштүрүп койсоңор болмок.
– Жок. Сен аны али сагына элексиң. Энени да сагыныш керек... Сагынычың күчөгөндө гана жолуктурам.
– А эмне мен энемди сагынган жок деген турасыңарбы?
– Жок, сагына элексиң. Сен өз дүйнөң менен алпурушуп жүрөсүң. Апаңа болгон сагыныч да сенин сакайып кетишиңе түрткү болот. Сен аны жакшы көрөсүң да, туурабы?
– Апасын ким жакшы көрбөйт?!
– Баары жакшы көрөт. Бирок эмне кыл дейсиң, ажал деген нерсе бар. Убакыт деген нерсе бар. Алардын алдында биз алсызбыз. Биз өзүбүздүн кур дүйнөбүз менен алпурушканча энелер азап тартат, картаят, анан бир күнү жок болушат... Алар жок болгондон кийин гана аларга болгон сагыныч ушунчалык күчөйт. Бирок убакыт өтүп кеткен болот...
– ...
– Мен эмне жөнүндө айткым келгенин түшүндүң да. Апаң үчүн Айдайыңды оюңдан жогот. Мен сени алдап отургум келбейт. Убакыт өтүп жатат. Кызыктай, акылсыз кыймылдарың менен апаңдын жүздөгөн чачын агарттың... Ойлон, Эрлан!
– Бирок мен...
– Эмне сен? Сен Айдайды жакшы көрөсүң. Аны менен бирге болгуң келет. Бирок бул мүмкүн эмес да. Ал жок да жашоодо. А апаң соолуп баратат. Билесиңби, Эрлан, бул өмүрдө жакшы көргөн адамдар үчүн курмандыктарга барыш керек. Сенин Айдай деп аталган жан дүйнө тынчтыгың бар. Айдайың менен жашоо тегиз. Бирок ошону сен үчүн жанын деле берип, бардык азап-тозогуңду алып калгысы келген, сен үчүн далай-далай курмандыкка барган апаң үчүн оюңдан жоготуп сал! Апаң үчүн Айдайыңды унут. Сенин курмандыгың ушул болсун!
Эрлан үн-сөзсүз отуруп калды.
–Дегеле, адамдар акылсызбыз. Бул маселе сенде эле эмес. Жүздөгөн адамдар сен Айдайды ойлоп таап алган сыяктуу жалган баалуулуктарды ойлоп таап алып, чыныгы баалуулуктарды унутта калтырышат. Убакыттан уттуруп, жакындарын жоготкондон кийин гана күйүп кала беришет...- Рита Мадиевна оор үшкүрүнө ордунан турду. Кыязы анын ичинде катылып жаткан арманы бар окшобойбу. Көздөрүнө жаш тегерене терезеден сыртты карады...

Марат Жанбараков

(Уландысы кийинки
санда)

www.super.kg

"МЕН АДАМДАРГА БАРБАЙМ. АЛАР МУЗДАК..."

– Мен муздак жайда төрөлдүм. Апамдын жылуу курсагынан бул ичиркенткен дүйнөгө келгендеги эң биринчи оюм ушул болгон. Суук экен. Ыңаалап ыйлап жибердим. Сууктан эмес. Жөн эле. Эркелеп, эреркеп. Мени чыдамсыздык менен күтүп жатышат го дегем. Бирок...
Апам. Апамдын жытын жазбай тааныдым. Кандай гана жагымдуу. Мен, албетте, анын жүзүн көрө элекмин го. Бирок ал абдан сулуу болсо керек. Апамдын колдору мени орой кармап ары түрттү. Эмнеге? Мен келдим го. Бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жүргөм да. Ал эмнеге орой?
– Сен гана жетишпей жаткансың!
Апамдын бул сөзүн жакшылыкка жоругум келди. Эми мен келип апамдын дүйнөсү түгөл боло түшөт окшойт дедим. Бирок...
Мен эркелеп ыйлай бердим. Курсагым да ач. Бирок... Бирок капыстан апамдын жытын жоготуп алдым. Эми чындап ыйладым. Кайда кеттиң? Апа-а!
Чоочун бирөө жаныма келгенин сезип жатам. Мени жыттап жатат. Бул эмне мурду сууланган? Адам эмес. Апам эмес. Чоочун жандык ырылдай баштады. Кыязы, менин апамды чакырып ыйлаганым анын жинине тийди окшойт.
Колум... Колум ооруп жатат. Токтотчу! Колум! Бутум! Токтотчу! Аа-а! Бул жырткыч менин азабымды түшүнө алган жок. Ал ачка экен. Мени тытып жеп жатты.
Денемден жаным бөлүнүп, четте карап турдум. Азабым түгөндү деңизчи... Бирок мен ыйлап жаттым. Менин сулуу денемди, бойтойгон колумду, бойтойгон буттарымды ит талап кара курсагын тойгузду.
– Карачы, эмне кылып салдың? Кандай сонун эле, бүт бүлүндүрүпсүң?!- ала дөбөткө кыйкырдым. Ал оозу-башын жаланып көңүлү ток. Мени укпады.
– Ыйлаба... Мен сага андан жакшысын жасап берем...- белгисиз жагымдуу үн чыкты.
– Апама мен бул бойдон жакпай калам... Карачы, ала дөбөт колумду жулуп салыптыр...- мен ыйлай бердим.
– Ал апаң эмес. Ал сени адашып алып алыптыр. Чыныгы апаң сени чыдамсыздык менен күтүп жатат...
– Жок!- денемдин тытылып жатканын көрүп ыза болуп жаттым. – Мен кайра бул жакка келүүнү каалабайм. Муздак экен. Адамдар муздак...
– Мейли, сен анда менин жанымда жүрө бер.
– А мен сага керекминби?
– Албетте. Периштелер мага ар дайым керек.
– Периште? Менин канаттарым болобу?
– Сөзсүз. Апакай, кичине канаттарың болот...

Марат Жанбараков
[email protected]

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Салгыла унаага!- Болуш буйрук берди. Көк ала болуп жаткан Дуулат менен Арсенди Гелендвагенге салып, аз өтпөй милиция бөлүмүнө алып барышты.
Баары алдын ала сүйлөшүлгөн окшойт. Кирип келгенде эле милиция кызматкерлери Арсен менен Дуулаттын колуна кишен салып, убактылуу кармоочу жайга камап салышты. Ата-баланын үнүн укчудай киши жок.
– Туй ата, ит эле болду! Болуш эми чыгарттырбайт,- Дуулат үшкүрүнө сүйлөдү. Арсен дымып калган. Анын ичинде сезимдери кайнап жатты. Дубалга жөлөнүп бүрүшүп отура кетти. Белгисиздик, алдыда тунарган белгисиздик.
– Деги эмне болуп кетти? Эми мага түшүндүрчү?!
– Бегимай... Ал менин сүйлөшкөн кызым болчу. Болуш...- Арсен андан ары сүйлөй албай койду. Көкүрөгүн куйкалаган оор жүктү үшкүрүп-үшкүрүп чыгарып алгысы келди. Бирок кандайдыр бир оор жүк улам думуктуруп, айласын кетирип жатты. Дуулат бардыгын түшүндү. Көрсө, Болуш менен Бегимай "тиги" деп тергеп жүрчү адам өз уулу Арсен турбайбы. Тунжурап калды атасы.
Дал ушул учурда темир тордун эшигин каңгыратып ачкан сержант текеберлик менен Дуулатка карап:
– Сен, тергөөчүгө бас!- деп бурк этти.

ххх

– Таак, Дуулат Алымбаев?
– Ооба.
– Эмне бейбаштык кылып жатасыз?- кер муруту жаңы гана чыгып, 25тин кырын эми гана ашкан, толмоч тергөөчү жигиттин бул суроосуна Дуулат ыңгайсызданып кетти. Бейбаштыкты ал мына ушул тергөөчүнүн курагында жасачу. Азырчы? Азыр кайдагы бейбаштык? Эмне деген суроо?
– Чынын айтсам, мен ал окуяны түшүнгөн жокмун. Менин уулум Болуш Сардаровичтин жан сакчысы менен мушташып кетти. Аздан кийин Болуш өзү келип кошулду. Мен керек болсо кол кайтарган жокмун...
– Жок, Дуулат мырза, мен ал жөнүндө сураганым жок. Уулуңуз экөөңүздөр көптөн бери Арча-Бешик конушундагы үйлөрдү тоноп жүргөн турбайсыздарбы? Туурабы? "Бүгүн ошол конуштан кармалды" дешти го. Сиздин үстүңүздөн 1 эмес, 3 арыз түшкөн.
– Кайдагыны айтып жатасың?- Дуулат чочуп элейди.
– Кайдагыны айтмак элем, болгонун айтып жатам. Мына,- ак кагаздарды сейфтин үстүнөн алып столуна таштады.
– Кандай кыласыз? Болгонун болгондой айтсаңыз жазасы жеңилирээк болот.
– Эч кандай андай болгон эмес. Мунун баарын Болуш кылды да, туурабы? Ал ошол жашка келип менин уулумдан кыз талашып бети жоктук кылды. Жигитче ал маселени чечип алса болмок, ырас, ошентип өзүн жаш сезсе. Балээниби? Ал антпейт да. Өзү арыз жазган жок. Элге шерменде болгусу келбеди. Эптеп бир нерсе чүргөп камап сал деди да, ээ?
– Жомок. Кылмышкердин биринчи коргонуусу ушинтип жомок айтмай. Моюнуңузга алгыңыз келбейт го. Бирок сизди карап туруп эле ким экениңизди көрүп турам. Керек болсо адам өлтүрүүдөн кайра тартпаган неме экенсиз. Уурулук, тоноо деген сизге баланын иши окшойт. Адам өлтүргөн деп үстүңүздөн арыз түшсө деле таң калбайм!- тергөөчү акылдуусунуп кыйытып сүйлөп жатты.
– Минткен болбойт да. Сен мага кагаз бер, мен Болуштун үстүнөн арыз жазам.
– Эмне? Кайсы Болуш?
– Анткорлонбо!- Дуулат кекенди.
– Эй, алып кеткиле могуну!
Дуулатты темир торго алып келишкенде Арсенди тергөөчүгө алып кетишиптир. Ал жок экен. Бул убакта жигит тергөөчүнүн кытмырланып сүйлөгөнүн тыңдап отурган. Акыры тергөөчүнү угуп бүтүп:
– Кыскасы, мени камашыңыз керек экен да, ээ?- деп суроолуу тиктеди.
– Ууру түрмөдө отуруш керек!
– Атыңыз ким?
– Эсен Кабылович деп кайрыла бер.
– Эсен Кабылович, мени камай бер! Канча иш чүргөсөң чүргө! Бирок атамды коё бер. Көрдүң го, карыган киши. Ачык эле сүйлөшөлү, сени менен сүйлөштүргүдөй таанышым деле жок. Ачыгы атамдын чыкканы сага жакшы. Ал эртең сага өзүнүн боштондугу үчүн 2 миң доллар алып келип берет. Жаңы эле банктан насыя алган, үйдү бир аз оңдоп-түзөйм деп. Акчасы бар. Кам санаба!
– Ачык болсо, демек, ачык сүйлөшөлү. Уурулук, тоноо боюнча эки иш бар. Моюнуңа ал! Атаң чыккандан кийин чөптөн жапыз, суудан тынч болушу керек! Ошентип түшүндүр. Түшүнүктүү эле бала окшойсуң өзүң.
– Келиштик.
Тергөөчү иштин оңой бүткөнүнө сүйүндү. Ага жаңы эле өлкөгө аттын кашкасындай таанымал болгон ишкер Болуш Сардарович өзү келип 2 миң доллар тапшырып кеткен. "Камап кой деп айтпайм. Бирок Болуштун ким экенин көрсөтүп койчу" деп колун кыскан болчу. Эми Болуш берген 2 миңдин үстүнө дагы 2 миң кошулганы турат. "Куш" кармады" деп коюшат муну өз ара.

ххх

– Ата, сенин чыкканың туура болот. Сен азыр арыз жазам, аны-муну дегениң менен, экөөбүздү эч ким укпайт. Заман ушундай болуп турат. Акча сүйлөйт азыр.
– Заман эмес, заман эмес...
– Ата, бардыгын тергөөчүнүн айтканындай кыл. Өткөндө насыяга алган 2 миң долларыңды бер. Үйдү кийин оңдоп-түзөйбүз.
– Сени таштап кантип чыгам?- Дуулат мукактанып көзүнө жаш алды.
– Сен чыгышың керек. Кийин мени чыгарып аласың. Дагы бир жолдору бар чыгар...

ххх

Сот болмок, бирок кийинкиге жылып кетти. Эки айдан бери эле ушул. Тергөөчүнүн, прокурордун, соттун "оюндары". Алар Арсенден акча үмүт кылып жүрүшөт. Дуулат күн сайын тергөөчүгө каттап "Мына, аз калды, СИЗОдо бир аз кармай тур. Ары жакка киргизе көрбө. Акча таптым дегенче көтөрүп келем" деп жалдыраганы жалдыраган. Арсенге баары бир сыяктуу. Мурунку Арсен жок азыр. Бир чекитти тиктеп, ой басып калган. Бир нерсени башында бышырып жүргөндөй.
– Дагы ушинтип 3 ай жүрсөң, мөөнөтүң деле бүтүп калчудай...- өз ара "хата" деп коюшчу кичинекей бөлмөгө кирип келгенде чымыр денелүү Чыңгыз жылмая сүйлөдү. Бул жакка түшкөндөн тарта Арсен ушул жигит менен гана сүйлөшөт. Балким, жаштары тең болгон үчүнбү, айтор, экөө тил табышып кетишкен. Чыңгыз бир ишкерди тоноп жибергени үчүн камалган. Сотун күтүп жүрөт.
– Атам, апама гана убал болду...
– Кейибе, дос, бул күн да өтөт.
– Бирок чынын айтсам, чыккым деле келген жок. Тиги эркин жашоого караганда бул жакта анча-мынча болсо да адилеттүүлүк бардай туюлат...- Арсен аргасыздыктан тажап бүткөндөй. Өз керебетине отура кетти.
– Тиги жак адилеттүү деп... Мээңе суук тийген эмеспи?
– Ой жеп жатат, Чыңгыз.Ошондой ойлор келчү болду.
– Адилеттүүлүк асманда гана бар. Аны өлгөндөн кийин гана көрөбүз. Азыр жашаш керек, тууган. Болгондо да жулуп, тиштеп, талашып жашаш керек. Жашоо – күрөш.
– Жашоо – күрөш...- Арсен эрдин кымтып тиштенип алды. – Уф...- үшкүрүндү да чалкасынан түшүп жата кетти.
Бегимай... Ойлобоюн дейт, бирок кыз башынан кетчүдөй эмес. Кыздын "жок, мен сага эркелегендей эч кимге эркелей албайм" деп жонунда минип келе жатып бекем кучактаганы көз алдына тартылды. "Адамдардын эң мыктысы деген адамым... Хе, жаш баладай жинди кылыптыр. Эми өзүңдөн көр. Түрмөгө отурса, отуруп чыгармын. Көп болсо эки жыл болор. Бирок өмүр бою мен кек алып өтөм. Мен башкача мамиле кылам. Эми бул баягы сүйүүгө, жакшылык сөзсүз кайтат дегенге, адамдарга ишенген Арсен болбойт. Бул башка Арсен... Мен түбүңөргө жетип, силерди сыздатмайынча эс албайм. Мейли, 40 жыл өтсүн, бирок силер менден качып кутулбайсыңар. Кек – бул муздак берилчү тамак. Бардыгын унуткарганда, Арсен деген адамдын бар экени эсиңерден чыкканда, мен күтүүсүз пайда болом. Түбүңөргө жетем!.." ойлордун курчоосунда шыпты тиктеп жаткан жигиттин муштуму улам катуулап түйүлө берди. Жаактары карышып чыкты...

(Уландысы кийинки санда)

www.super.kg

ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Угуп жатам, ким бул?
– Бул Жанар. Эсиңдеби, мен сага чалам дедим эле. 1 саат убакыт бөлө аласыңбы?
– Мм... Мейли, кайсы жерден жолугабыз?
– Баягы эле жерден. Горький сейил багынан. Мен ошол жерде болом, саат 1ге келе бер.
– Келиштик.

ххх

Жанар Горький сейил багындагы баягы кафенин жанында кол чатыр кармап туруптур. Кыз унаасын токтотуп жатып аны бир карап алды. Жамгыр дыбырап төгүп жатат. Унаасын токтотуп, эшикти ачайын дегенде жигит жетип келди.
– Кам санаба, менин өзүмдүн кол чатырым бар,- кыз жамгырдан коргомокчу болуп даярданып калган Жанарга сүйлөдү.
– Бизге эки кол чатырдын кереги жок. Аны жөн эле кой.
Кыз жылмайып койду. Жанар аябай жасанган экен. Апапак көйнөк, кара шым кийип алган. Үстүндө кыска плащ. Кыз кол чатырын калтырды да, Жанарга жанаша түшүп, анын кол чатырына жашынды. Аруукесинин тааныш, сагындырган, жигитке гана белгилүү болгон жагымдуу жыты Жанардын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып жиберди.
– Бир аз сейилдейли,- жигит үн катты. Алар аллея менен бак аралай жөнөштү.
Бир аз баскандан кийин эле Жанар кол чатырды бүктөп койду. Кыз түшүнбөй калды. Жамгыр дале төгүп жаткан болчу.
– А эмнеге кол чатырыңды бүктөп алдың?- кыз ичиркенип токтоду. Жигит унчукпастан анын маңдайына келип жылмайып туруп алды. Нөшөрлөп жааган жамгыр заматта экөөнүн чачтарын суулантып жиберди. Кыз жигиттен көзүн ала албай жатты. Жанар "үн-сөзсүз эле жамгыр алдында тура берүү керек, ал эстейт" деп ойлогон болчу.
Майда тамчылар кыздын узун кирпиктерин суу кылып, ал Жанардын көзүнө өзгөчө сулуу көрүнүп жатты. Эң биринчи ирет Жанар Аруукесин ушундай абалда көргөн. Анда кыз көзүнө периштедей эле көрүнгөн болчу.
Кыз үндөбөдү. Ал жигиттин оюн түшүндү. Жанар менен көпкө тиктешип турду да:
– Ооба, мен сени көргөм. Ушундай абалыңда. Суу болуп, ак көйнөкчөн тургансың,- төбөсү көккө жете түшкөн Жанар кубанычынан кыйкырып жиберейин деп, бирок кыз болгону бир гана элести эстегенин түшүндү. Кыздын жүрөгү тез-тезден согуп жатты. Ал чын эле маңдайында турган бул сымбаттуу жигитти дал ушундай абалында көргөн экен. Үзүл-кесил элес анын аң-сезиминде улам пайда боло калып жатты.
– Менин атым Жанар.
Кыз кыйлага чейин аны карап турду да, анан жылмайган түр менен:
– Мейли, бүгүнчө менин атым Арууке болуп турсун.
– Абдан жакшы.
– Эми кол чатырыңды жазасыңбы?
Кол чатыр жазылды. Экөө тең жылмая бир кол чатырдын алдында жанаша басып жөнөштү.
– Арууке деген ысым эмнени түшүндүрөт?
– Арууке – ыйык, таза жан деген мааниде,- жигит кыздын ысымын орусча которуп түшүндүрдү.
– Мм, сонун ысым экен. А Жанарчы?
– Ал ар кандай мааниде колдонула берет.
– Мисалы?
– Мисалы... Мисалы, вулкан деген маанини берет.
– Хе-хе, вулкан?!- кыз күлүп жатты. – Менин оюма койсо, сени козу карын деп эле коймокмун,- деди кыз күлгөнүнөн жазбай. Жанар тык токтоду.
– Сен эмне, баарын эстедиңби?
– Жок. А эмне болду?
– Мени козу карын деп жатасың го?
– Жок, мен оюма келген нерсени эле айттым. Сен мени чочутуп жибердиң. Болгону кол чатырыңды кармап ак көйнөк кийип турсаң, козу карынга окшошуп калат экенсиң,- көзүн Жанардын үмүттөнгөн көздөрүнөн ала качкан кыз ыңгайсыз болуп кетти.
– Аа, кечир,- ортодо ыңгайсыз жымжырттык пайда болду.
– Мен кетейинчи,- кыз артына бурулуп басып жөнөдү.
– Сенин келгениңе болгону 40 мүнөттөй эле болду. 1 саат убакытка келишкенбиз,- Жанар арттан үн катты.
– Уф-ф!- кыз токтоду. Белгисиз күч аны токтотту. – Биз кайра башынан менин ким экенимди териштиргени жатабызбы? Чын, каалаган жокмун. Болду, жетишет! Мен Джимин. Джи бойдон эле калайынчы.
– Бүгүнчө Аруукесиң, жана өзүң айтпадыңбы?
– Сен ар бир сөзгө жабышат экенсиң.
– Кел, урушпайбыз,- Жанар жакын басып келип кызды тиктеди. Аруукеси сулуу эриндерин кымтып алып жинденип турган. Мына ушул жерден жигит өзүнө ээ боло албай калды. Кызды өзүнө тартты да, эриндеринен катуу өөп туруп алды. Чочуп кеткен кыз адегенде бошонууга аракет кылды, бирок Жанар абдан эле күчтүү экен. Тоготуп да койгон жок. Муну көрүп кыз жигитти чапкылаганга өттү. Бирок мунусунан да майнап чыкпады.
– Жинди!- Жанар бошотору менен кыз аны жаактан ары чаап жиберди да, басып кетти. Жигит ээрчиген жок.

ххх

Унаасын зуулдата айдап бара жатып кыз ачууланганын токтото албай баратты.
– Акмак десе!- Жанардын кылыгын эстеп улам ачууланат. Бир убакта ал эмнегедир жылмайып жиберди. "Жинди" деди ал ошол жылмайган калыбында. Маңдайдагы күзгүдөн өзүн бир карап алды да, күлүп койду. Ооба, канчалык ачууланганы менен, ага Жанардын өпкөнү жакты. Көрктүү узун манжаларын эриндерине тийгизип, рулда баратып жылмайып жатты. "Бирок сымбаттуу жигит экен" деди оюнда.
Ушул учурда телефонуна чалуу келди. Жанардын номуру экен. Албай коё албады.
– Сен эмне, эч нерсе эстеген жоксуңбу?
– Өпсөм эле баарын эстейт дейсиңби?
– Эстешиң керек.
– Эстеген жокмун.
– Анда дагы бир жолу өбүшүм керек.
– Жинди,- кыз жылмайып койду.
– Негизи рулда баратып телефон менен сүйлөшкөн кооптуу,- Жанардын бул сөзүнөн кийин кыз эки тарабын карады. Анын оң капталында Жанар таксиге отуруп алып аны карап сүйлөшүп келе жаткан экен.
– Болду эми токтоңуз. Кофе ичебиз,- Жанар күлүп койду.
– Жинди,- деди кыз жылмая. Анан жол жээгине барып токтоду.
– Сен менин өпкөнүм буга жаккан тура деп ойлоп алба. Болгону кофе ичким келип жатат,- кыз унаасынан түшүп-түшпөй актана кетти.
– А мага жакты өпкөнүм,- Жанар жылмайып койду.
– Мактанчаак!
Эмнегедир алар ушул болуп өткөн окуялардан кийин бири-бири менен ээн-эркин тамашалашып, эски тааныштардай сүйлөшө башташты.
– Бетим ысып жатат,- кофе ичип отуруп Жанар үн катты.
– Эмнеге?
– Эмнеге дейт. Катуу чаптың го.
– Аа... Дагы жакшы тепкен жокмун.
Экөө күлүп калышты. Кыйлага чейин кофе ичип отуруп кеч кандай киргенин да байкашкан жок...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Бегимай эчак уйкуга кеткен. Арсен балкондо туруп тамеки күйгүздү. Кээде туруп тамеки чеге калмайы бар. Таң агарып келе жатат. Анда-санда унаалардын зуулдап өткөнү угулат. Балкондун алдында капкара Гелендваген ээсин күтүп дымып турат.
Жигит өзүнө-өзү ыраазы, башында кандайдыр бир ойду бышырып алгандай. Тамекисин чертип ыргытып, кетүүгө камданды. Эми жөнөшү керек. Бөлмөдөн чыгып баратып, кагазга телефон номурун чиймелеп жазды да, керебеттин жанындагы отургучка таштап койду.

ххх

– Ай, түшкө чейин уктайсыңбы? Тур, ботом,- Бегимай апасынын үнүнөн ойгонуп кетти. "Арсен? Ал кайда? Апам бизди көрсө өлдүк..." башына ар түркүн ойлор келе түштү. Апасына батиринин бир ачкычын берип койгон, ал Бегимай үйүндө жокто же чет жакка кеткенде келип үйүн жыйнап турат. Кээде минтип жөн эле кирип келет. Болуштун кайсы күнү үйдө болбой турганын да билет.
– Түндө да кеч келгенсиң го, ээ? А бул кимдин номуру?- апасы отургучта жаткан кагазды көтөрдү.
–Алып келиңиз,- жанатан 4-5 адам кенен батчу керебетте өзүнчө ойго батып жаткан Бегимай тездик менен тура калып, апасынын колунан кагазды жулуп алды.
– Эй, шерменде, кимдин номуру алдагы?!
– Курбумдуку.
– Калп айтпа! Мени жаш бала ойлоп жатасыңбы? Мунуңду Болуш билсе...
– Эмне Болуш билсе?!
– Кызым, ачууланба! Сен өзүң деле карап көрсөң, кандай сонун үйдө жашап жатасың? Чет мамлекеттерге чыгып эс алып келдиң, алдыңда жол тандабас машина. Ушунун баарын сага Болуш берип жатпайбы... Ал сенин күйөөң, аны сыйлашың керек...- апасы дагы бир топ кеңештерин айтмакчы болгон, бирок Бегимай сөзүн жулуп кетти.
– Апа, көзүңдү чоңураак ачсаң! Бул үй анын жардамчысына катталган, унаа баласына, менин эч нерсем жок.
– Жок эми, кызым...- апасы дагы сөзүн бүтүрө албай калды.
"Эми, кызым, Болуштун мага белек кылган шубасычы? Атаңа белек кылган унаасычы?" Ушуну айткан жатасызбы?
– Ал сенин иниңди ФСБнын академиясында окутуп жатат!
– Дагы? Дагы эмнени унутуп калдым, санай бериңиз?
– Токтот, Бегимай! Сен турмушка чыккандан бери жашообуз жакшырганын моюнга алыш керек.
– А силер мен жөнүндө ойлоп койдуңарбы? Балким, мен Болушту сүйбөйттүрмүн. Мен аны жек көрүп жаткан болсомчу?
– Билем мен сенин сүйүүңдү! Арсениңби сүйүүң? Томаякпы? Ага тийсең көрмөкмүн. Же кийимиңе, же тамагыңа жеткире албай, быжыратып төрөп алып отурмаксың!
– А менин быжыратып төрөгүм келип жаткан болсочу?
– Токтотчу, Бегимай! Сени жакшы жашоо эле көптүрүп жиберди. "Капризиң" кармап калыптыр бүгүн.
– Ээх!- Бегимайдын ыйлагысы келип кетти. Апасынан көзүн ала качып, жуунуучу бөлмөгө кирип кетти. Дароо сууну шарылдатып агызып жиберип, башынан ылдый агып жаткан суунун алдында тизесин кучактаган бойдон ыйлап баштады. Муштумунда апасынын колунан жулуп алган телефон номур жазылган кагаз. "Кайдан гана келе калдың, Арсен? Сенсиз сонун эле жашап жатпадым беле? Жолукпашым керек сага!" кызды уйгу-туйгу ойлор жеп жатты. "Токтот, Бегимай, бул жакшылыкка алып барбайт!" кыздын ички үнү өктөм чыкты. Бирок ал колундагы кичинекей кагазды суу болуп калбасын дегендей бекем мыкчып отурду. Сезимдерин жеңе албай койду. Акыры ордунан турду да, кагаздагы номурду ичинен эки-үч кайталап, анан суунун шарына таштап салды.

ххх

– Кофе ич! Даярдап койдум!- апасы таарынган үн менен жуунуучу бөлмөдөн чыккан Бегимайга кайрылды.
– Рахмат!
– Келсең, отурчу сүйлөшөлү.
Бегимай акырын барып апасынын маңдайына отурду.
– Кызым, мен сени Болушка зордоп тий дедим беле?
– Жок.
– Өзүңдүн тандооң ошондой эмес беле, туурабы?
– Ооба,- Бегимай үшкүрүнүп алды. Чын эле өзүнүн тандоосу эмес беле? Бирок апасы Болушка тийиши керектигин күндүр-түндүр кулагына куйганын да кантип танат?! Анда Бегимай болгону 21 жаштагы эле кыз болчу. Ошол убакта ал туптуура чечим кабыл алганына жүз пайыз ишенген. Эмичи? "Арсен менен башка жакка качып кетсекчи? Болуштун толтура акчасын алып, чет жакка чыгып алсак эле таптырбайт болчубуз. Бирок кантип?" заматта башына ушул ой келе түштү. Оо, анда жыргал болмок, Арсен экөө таптакыр ажырашмак эмес, дайыма жетелешип жүрүшмөк, ойношмок, тамашалашып эртели-кеч сүйлөшүшмөк, алар мурда дайым ошентип жүрүшчү. Кыз кыялданып жиберди. Жылмайып койду.
– Кимдин номуру жанагы?
– Апа, кайра баштабачы! Түндө клубда бирөө жалдырап жатып номурун кагазга жазып берген. "Күйөөм бар" десем болбойт. Анан алып койгом. Эртең менен сен сурасаң, уялып эмне дешти билбей колуңдан жулуп алдым. Аны ыргытып жибердим. Кам санаба!- кыз калп айтты.

ххх

Арсен унаанын арткы орундугунда уктаганга аракет кылып келе жатат. Бирок башына улам келип жаткан ойлор уктатчудай эмес. Рулда Тилек. Ал Арсенге жардам кылып жүргөн жигит. Булар Ошту көздөй келе жатканына 3 сааттан ашты. Бишкектен эле Арсен "мен уктайм, сен айда" деген, бирок ою ишке ашпады. Бегимай менен кечээ кокустан болгон жолугушуусу анын жан дүйнөсүн алай-дүлөй кылып жатты. "Сагыныптырмын. Дагы эле жакшы көрөт экенмин. Бирок... Кечире аламбы? Албетте, жок. Кегимди алсам болот. Экөөнөн тең. Эми бардыгын ойлонуп жасаш керек!" Арсендин көкүрөгүндө Бегимай менен мындан 3 жыл мурун ажырашкандан тарта таарыныч, сагыныч, жакшы көрүү, көңүл калуу аралашкан түпөйүл ой жүрөт. Ал ой аны дайыма кыйнап келген. Көкүрөгү оорлоп, кысыла берчү. Оор-оор дем алып, ошол түпөйүл, түшүнүксүз нерсени чыгарып салгысы келет. Бирок ал чыкчудай эмес. Кегин алганда гана жеңилдечүдөй. Арсен ызалангандай муштумун түйүп алды. Өткөн күндөрү шурудай тизилип көз алдына тартыла баштады.

ххх

Анда ал Бегимайды жан дили менен жакшы көрчү. Кызда да жигитке болгон ошондой сезимдер бар эле. Анын көзүнөн эле жигит бардыгын окуп алган. Алар табышкандан тарта жайы бою күн сайын жолугушуп жүрүштү. Көрсө, ал эң бактылуу жай болгон экен. Ар бир күн кызыктуу эле.
– Мени бир аз көтөрүп алчы? Чарчап кеттим. Бийик така кийип алыптырмын.
– Мейли,- жигит кызды колуна алмакчы болду.
– Жок, мен сенин жонуңа минем.
– Эмне? Кой, ай!
– Эмне айырмасы бар, колуңа көтөрөсүңбү, жонуңа көтөрөсүңбү?
– Койчу, эл көрсө эмне дейт?
– Арсен! Бол!- кыз тамашалап өктөм сүйлөдү.
– Жок.
– Мени жакшы көрөсүңбү?
– Ооба.
– Кел анда!- кыз жылмайды. Арсен башын чайкап алып, бирок кыздын эркине көнүп, аны жонуна мингизди.
– Мен да сени жакшы көрөм,- деди кыз жигиттин жонунда баратып. Арсен жылмайып койду. Ал бактылуу эле.
– Сен жок болсоң эмне кылмакмын, ээ? Буттарым чарчаганда ким мени жонуна көтөрмөк?
– Тапмаксың да дагы бирөөнү.
– Жок. Таппайт болчумун. Сендей таппайт болчумун. Сага эркелегендей эч кимге эркелей албайм мен.

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

www.super.kg


Смотрите также


Войти



Опечатка?

Выделите текст и нажмите Shift+Enter.
И мы в ближайшее время ее исправим!

Главная Страница Контактная Информация Поиск по сайту Контактная Информация Поиск по сайту